Каныкейдин Манасты олумдон куткарышы
Кезектешип кароолго
Чыга бермей адаты.
Кең Таластын боюна,
Жылгындуунун оюна,
Кайнардын кара көзүнө,
Как чынардын өзүнө,
Салып келип Кыргылчал
Көргөнүнө болду дал.
Мында какылдаган карга жок,
Куркулдап учкан кузгун жок,
Каныкейдин Аксарай,
(Анын каалгасы сом калай,
Сөлөкөтү, сөөлөтү
Келишимдүү бирдалай)
Каныкейдин сарайдын
Камандар түркүгүн сууруп алыптыр;
Кароолчудан алтымыш
Курмандыкка чалыптыр.
Там кайтарган кароолун
Такыр кырып салыптыр.
Уруучу кудай уруптур,
Өрт өчкөндөй кылыптыр.
Чынарын кыйып сулатып,
Түркүктү сууруп, кулатып,
Такыр чаап кетиптир;
Жөн эле дүмүрүн казып өтүптүр.
Муну көрүп Кыргылчал
Өкүрүгү баш жарып,
Кыйкырыгы таш жарып,
Мурутту булкуп ыргытып,
Сакалды жулкуп ыргытып:
"Уруучу кудай урганбы?
Же төбөсүнөн басканбы,
Уктап жаткан кезинде
Төрт түлүгүн чачканбы?
Айкөлүмдөн ажырап,
Мени аныктап кудай урганбы?
Кыйрынан тийген эмедей,
Кырк чоро каран калганбы?
Долоно саптуу айбалта,
Толгонтпой аны ким аштайт,
Тоо-тоодо жаткан кыргызды
Тоздуруп ийбей ким баштайт?!"
Манастап тынбай бакырып,
Каныкей таппай чакырып,
Капа болуп кайгырып,
Кабыланынан айрылып,
Өкүрүгү токтобой,
Орду-ордуна келди эле,
Ордун байкап көрдү эле,
Ордодо жаңы топурак,
Жалгыз аттын жолу бар,
Акаярды камаган
Беш балбандын ору бар.
Ор кашында бакырып,
Үстүнөн чыкты Кыргылчал
Акаярдап чакырып.
Өлөр-өлбөс жан менен,
Өлүп кетер ал менен,
Жаткан экен Акаяр,
Отуз жерден жара жеп,
Опсолоң жаман болуптур.
Бүткөн бою солуптур
Карасаң канга бөлөнүп,
Өлүп кетчү немедей,
Ор түбүнө сүйөнүп.
Кыргылчалдын жанында
Азоого чалма салуучу,
Жылкы кармап алуучу,
Сексен кулач кыл аркан
Жандан чечип алды эми,
Ыргытып орго салды эми.
Ор түбүндө Акаяр,
Камбыл тууган Кыргылчал
Тартып, сууруп алды эми.
Ырпы кетип калганын,
Кыргыл байкап көрдү эми.
Кызыл арак, ширий аш
Кыңкайта куюп Кыргылың
Акаярга берди эми.
Өчкөн отун тамызып,
Ордо жаткан Аярдын
Өлүүчү жанын тиргизип,
Кыргылчал карап турганда,
Билген менен туйгаңын,