Манас баатырдын Каныкейге уйлонушу
Бул дүнүйөнүн жүзүнөн
Бу Манас кызыңды сенин
тандаган.
Бербеймин деген эп эмес,
Бербей коёр сен эмес.
Манас минтип турганда,
Сенин манчыркашың кеп эмес!
Кулагың сал, Каракан,
Жуучуга Жакып келген соң,
Бул кызың ишке жараган,
Арыстан тууган Манастын
Атасы келсе акылга,
Бербей кызды койчу эмес
Ал өңдөгөн баатырга.
Бу куруп калган зор Манас
Күйөөлөп кызга бара элек,
Калп айтпаса кары-жаш,
Ат жалын тартып мингени
Күйүмдүү катын ала элек,
Кадимден бери Букардын
Каалгасы бек болсо,
Каныкейди берели,
Кары-жашка эп болсо!"
Айтып өттү Аманбай,
Манастын жайы мамындай.
Олтурат мында көпчүлүк,
Деле бирөө койбойт былк этип.
Ушул сөздү укканда,
Улуксуган Каракан
Башы кетти шылк этип,
Чай кайнамга тил чыкпай,
Аш бышымга унчукпай.
Карап турду калайык,
Аманбайдын айтканы
Баарына келип ылайык.
Эми Каракан сөздү баштады:
"Бай Жакып келди асылып,
Биз ага мал салалы качырып.
Алты жүз кызыл нар болсун,
Артылган арбын зер болсун.
Адырым толгон мал болсун,
Эки миң аппак кой болсун.
Элүү күнү той болсун,
Маңдайында агы бар
Эки жүз кара уй болсун.
Мал айдаган кызболсун,
Шумкардан токсон куш болсун.
Бүркүттөн жүзү туш болсун.
Күлүктөн берсин эки жүз,
Жоргодон берсин жети жүз,
Төөдөн берсин эки жүз,
Жолборстон берсин жетини.
Шерден берсин экини.
Букадан берсин мынчаны,
Буурадан берсин анчаны".
"Ушуну кайдан табат, -деп, -
Укканда эси ооп калат, - деп, -
Акылынан шашат , - деп, -
Арбын малды табалбай,
Алда кайда качат, - деп, -
Мал бере албай кетет, - деп, -
Алы кайдан жетет? - деп, -
Бербейбиз деп туура айтсак,
Айып болуп калар, - деп. -
Ушунча малды салды, - деп, -
Манасын көздөй барар, - деп, -
Тапса кызды алар, - деп, -
Таппаса куру калар" - деп,
Жакшы-жаман баарысы,
Улуу-кичүү карысы
Акылдашып алышты,
Бай Жакыптын алдына,
Туура тартып барышты.
"Мынча келдиң бай Жакып,
Сураган кызды алгын, - деп, -
Калың малды салдым, - деп, -
Каалаган кызды алгын" - деп,
Каракан айтты мындай кеп.
„Менин сөзүм кандай?" - деп,