Манастын Аккуланы буудайга алмашып алышы
Айтып оозун жыйгыча,
Айкөлүң өөдө тургуча,
Башында кара бөркү калдайып,
Чепкенинин кен этеги далдайып,
Нойгуттардын Карача
Аккуланы жетелеп,
Басып келди калжайып.
Аккула мойнун буруптур,
Ак буудайдын четинде
Жылмаңдатып каранды
Туура тартып туруптур.
Карача туруп муну айтат:
"О, балам, турпатың башка көрүнөт,
Байкасам, көөнүм бөлүнөт.
Калк чогултуп колуңа
Алуучу түрүң бар экен.
Катылганга калайман
Салуучу турүң бар экен.
Сенин баш териң башка көрүнөт,
Балам, мындай болсо деп,
Байкасам, көөнүм бөлүнөт.
Жаныңда тоодой буудайың,
Жаратканга сыйынып,
Жөнүңдү сурап турамын.
Ачык айтчы, кулунум,
Ата уругуң кандай жан?
Кең Анжыян бетине
Келип турсуң сен кайдан?
Ата-бабаң айлыңды
Айтып берчи, кулунум,
Ары түбү дайныңды!
Кыр-кырыңдан карасам,
Кызырлуу түрүң көрүнөт,
Мандайыңдан карасам,,
Баатырлык түрүң көрүнөт.
Курсак ачкан карыппыз,
Кудай билсин, өзүң бил,
Куп алдыңдан кезигип,
Буудай издеп калыппыз.
Жайында какшып, кыш тозуп,
Катаалдап кетти жерибиз.
Тулпар коштоп дан издеп,
Карып болду элибиз.
Ыймандуу балам экенсиң,
Оолугуп кетсен, кокустан,
Ойрон кылар бекенсиң!?".
Анда Манас кеп айтат,
"Аксакал укчу! - деп айтат.
Аксакалдуу карыям,
Атама тете олуям,
Чын касиет кут түшүп,
Чыктың окшойт жолуман.
Салоомдон салоом алейкум,
Кол куушуруп турамын,
Кыйналып келген жан болсоц,
Кызматыңды кыламын.
Сенин кишиңди кырып нетейин,
Кишиңди кырып жиберип,
Деги мен не мураска жетейин!
Ары түбү дайнымды
Азыр айтып кетейин.
"Башынан кары кетпеген
Ала-Тоо биздин жерибиз,
Жайы-кышы эт жеген
Кызырдуу кыргыз элибиз.
Сугун арта келгендин
Сурун кеепей койбойбуз.
Кармаша чыккап жоо болсо,
Кабыланча сомдойбуз.
Айтсам далай кебим бар,
Кара кытай, манжууда
Курсакта калган кегим бар.
Атам экен Жакыптын
Кол-аягын байлаптыр,
Кордук кылып ошондо,
Алтайды көздөй айдаптыр.
Айдоодо энем төрөптүр,
Азапта айлым жүрүптүр.
Куруган башка не түшсө,
Куураган элим көрүптүр.
"Он үчкө жашым келгенде,
Алтайдан чоро жыйгамын,
Каран калган журтумду
Кара кытай, манжуудан