Манастын Аккуланы буудайга алмашып алышы
Аккуланы тартууга
Адамдын баары макул деп, Элчилик түрдөн башташып,
Жоо-жарактын баарысын
Чогуу үйүп ташташып,
Берендин баары жүгүрүп,
Эселектин. баарысы
Өлдүк деп жандан түңүлүп,
Кара чаар кабылан
Манастын капталынан чамынып,
Чолок көк жал жолборсу
Оозун ачып камынып,
Калайык минтип турганда,
Карача карчыгадай камынып,
Кайраттуу жандын бири экен,
Кайыптан акыл табылып:
"Атаңдын көрү дүнүйө,
Ажалы жеткен өлбөйбү?
Алданын башка салганын
Чиркин пенде көрбөйбү.
Аманатын кааласа,
Жараткан өзү албайбы?"
Деп ошентип Карача
Окоро* түйгөн ак чылбыр,
Мойнуна бүктөп артты эми,
Аккуланы жетелеп,
Көк жалды көздөй басты эми.
Карача басты бүгүлүп,
Карап турган көп жандар
"Кана, эмне болот" деп,
Карабай жандан түңүлүп,
Кийген тону Манастын
Алтын жака, күрөөкө,
Кызыр чалган берениң,
Кылычты илип билекке,
Чукуранып ойгонуп,
Оң жагына толгонуп,
Оңкоюп Манас караса,
Тартууга келген Аккула,
Куйругу саяң, жалы аз,
Ушундай сонун жаныбар.
Найза кармап, топ бузуп,
Дууга минер мал экен,
Айгай кулак тундурган
Чууга минер мал экен.
Токсон илек кол алып,
Тоорулга минер мал экен.
Сексен илек кол алып,
Серпишке минер мал экен.
Түпөктүү найза колго алып,
Солоктоп желип калышып,
Жекеге чыгып сайышып,
Капталда канат бар экен,
Кайыптан бүткөн жаныбар,
Кайгуулга минер мал экен.
Сүйүндү Манас барбайып,
Чаначтай мурду дардайып,
Көк арыстандай чамынып,
Ордунан турду камынып.
Кең көкүрөк, тайкы жал,
Кетмен туяк, кең соору,
Аркар аяк, капкан бел,
Алыска чыдар мал экен.
Атасы тоонун кайыбы,
Энеси чөлдүн бууданы.
Куп келтирип, куп жасап,
Кабыланга берип турганы.
"Тайкы көкүл, саяң жал,
Ай, жаныбар, Аккула
Кырсыкты чечер мал экен.
Каса тулпар ал экен,
Дегенине көнөйүн,
Казынамда кыйла мүлк
Кулага тартуу берейин.
Не десе, макул, алайын,
Кыймылдаган жанымды –
Колумдагы барымды
Кула атка тартуу кылайын.
Бир туягы сан кара
Берейин деген кулуна
Белен кылат жолуна.
Бербейин. деген кулуна,
Сатса чыкпайт пулуна.
Куланды кууса куткарбас
Куюндугу бар экен,
Чалгынга минсе чарчабас,
Жаныбарым, Аккула,
Дулдулдугу бар экен".