Яндекс.Метрика

Манастын Аккуланы буудайга алмашып алышы

Кыбачыга кындатып,

Сынчыларга сындатып,

Асый чыкма кезинде,

Таалайыңа табылды,

Айкөлүм, сага кабылды.

Тартуу кылып турамын,

Аккуланы алыңыз,

Үймөлөнгөн буудайды

Бизге кыйып салыңыз".

Анда Манас муну айтат:

"Аккула тартсаң, абаке,

Дегениңе көнөйүн,

Кырман толгон ак буудай

Калтырбастан берейин.

Онжоңдогон Аккула,

Оорукка чыксам, минейин;

Оролушкан жоо болсо,

Аянбастан кирейин!".

Баатырың мындай деген соң,

Карача турду бакырып,

Төө жетелеп келишкен

Нойгуттарын чакырып.

Токсон экен кызыл нар,

Кызыл нарды чөгөрүп,

Кызыл нарга буудайды

Үйө жүктөп жиберип,

Капка батпай калганын

Кочуштап уучтап алышты,

Куржунуна салышты.

Аккуланы көргөндө

Манастын көөнү жай болуп,

Кабыланың жатты капарсыз

Эми Таластын жайын ойлонуп.

Мына ошондо Карача

Аккула берип Манаска,

Кыбыланы бет алып,

"Омийин" деп кол жайып:

"Кулунум Манас, өлбөсөң,

Катылгандан кан чыгар,

Кармалаша кеткенге

Кол кайырбай ким чыдар!

Кайратымсың, күчүмсүң,

Азганакай элиңди

Күтүп алчу өзүңсүң.

Калкылдап каптал жоо калса,

Кармашка колуң курай жүр.

Картайып кеттим Карача,

Кайрылып менин ЭЛИМДИ

Кулунум, ал-абалын сурай жүр.

Жерди байкап чала жүр,

Элге көзүң сала жүр.

Менин жерим Лоп дайра,

Ошондон кабар ала жүр,

Сенин телегейин тең болсун,

Конушуң жазы кең болсун.

Теминишкен душманың,

Тирешсе, сенден кем болсун!

Убайын журтка көрсөтөр,

Кулунум, улугумсуң, шеримсиң,

Мен картайып келгенде,

Эми сен медер кылган белимсиң,

Кылчайып көзүм өткөнчө,

Кырааным, сен үчүн колум

                                            жаярмын,

Амандыгың, эрдигин,

Кербендерден сурармын!".

Деп ошентип Карача,

Меңи жок ак боз бээни алды,дейт,

Арыстанындын алдына

Ай туякка чалды дейт.

Көз жетпеген урчукка,

Көмкөрүлгөн тумшукка,

Күдүрлүү тоонун четине,

Оркойгон кырдын бетине,

Каркайган бийик тоолордон

Ашып барчуу белине,

Катуу багыт кара таш,

Мелтиреген чөлүнө,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.