Манастын Аккуланы буудайга алмашып алышы
Баатырлыгы дагы бар;
Баары журтту текшерип,
Байкап турар чагы бар,
Кемтиги жок кебинде,
Кеби кетпейт тегинге,
Жалган айтып көрбөгөн,
Жаралып абаң өмүрдө,.
Караңгыда көз, тапкан.
Капыя жерде сөз тапкан,
Жердин түбү Желпиниш,
Желпиниште туулган,
Жет-кайт менен ойротко ,
Сала жүргөн чуулган;
Көңкү журттун камы үчүн,
Көчө келген Таласка,
Жолдош болгон Жакыптын
Кара көк жал Манаска,
Жакыптын уулу Манасты
Сайып жүрүп тал кылган,
Салып жүрүп там кылган,
Адамзаат пендеде
Теңдеши жок жан кылган,
Башын баргек талга жөлөгөн,
Басташкан душман жүдөгөн,
Ак шумкардай жаркылдап,
Аста сүйлөп баркылдап,
Боз жоргосу жайкалып,
Өзү боз туйгун куштай чалкайып
Айтылуу Бакай келиптир,
Келгенин баатыр көрүптүр.
Ошондо Манас арбайып,
Алдынан чыгып күлүптүр.
"Амансыңбы, аба? - деп, -
Кайгысы жок жатабы,
Катын менен бала?- деп, -
Кең Анжиян бетине
Келипсиңер мага"- деп,
Артык айтар сөзү жок,
Атырылар кези жок,
Кылмыштуудай кылыят,
Абасын карап мулуят.
Абасы Бакай кеп айтат,
Кеп сонунун эми айтат:
"Жем издеген бөрүдөй,
Желип кетиш не жорук?
Эрин чанган катындай,
Качып кетиш не жорук?
Жолдошуна сыр айтпай,
Жолго чыгыш не жорук?
ЖОЛУ каткан бир чалга
Таарыныч кылыш не жорук?
Таарынганың Жакыппы?
Же болбосо, баатырым,
Сага жалпы кыргыз жазыппы?!
Кең талаада кош тартып,
Кетмен чабар сен болсоң,
Ак буудайдан дан чачып,
Аштык багар сен болсоң,
Кетмен, күрөк байланып,
Кошо келет элекко!
Айран, кымыз көлдөтүп,
Көчө келет элекко!
Кабыланым, жалгыз жатыпсың,
Кара жер бетин ачыпсың,
Боз талаа бетин гүлдөтүп,
Булкунуп буудай чачыпсың,
Көрдүм, баатыр, күчүңдү,
Көп жаман дебейм ишиңди;
Көмөккө алсаң болбойбу
Көңүлүң сүйгөн кишиңди!
Кеп салса бирөө зерикпей,
Кабыланым, кенен ташта ичиңди.
Тапканың экен Аккула, -
Таалайга бүткөн ат тура.
"Астыңдагы чоң Кула,
Чаткаягы чаткалдай,
Жүрө берсе чатына,
Жүктүү төө баткандай.
Жанбаш арка кошканго,
Он эки карыш казанды
Жөн эле ойноп-күлүп аскандай.