Кыргыздардын Ала-Тоодон сурулушу
Мунарык тарткан чөл басты.
Иленин башы Үч-Арал
Амалсыз кечип барды эми,
Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу
Тегиз басып алды эми.
Ары жак жагы Ак-Талаа,
Ошого жетип калды эми.
Ай, жарыктык, Ак-Талаа,
Бабабыз баскан жер эмес,
Жедигер, шибээ, көп калмак
Жети ата көргөн эл эмес.
Ак-Талаа жетип конду эми.
Таң кашкайып сүргөндө,
Жерге жарык тийгенде,
Жерин байкап көрдү эми.
Талынын башы ийилип,
Кумунун үстү чийилип,
Жаткан экен Ак-Талаа
Жемиши жерде түйүлүп.
Бөөт, көлчүк, сазы бар,
Бөлүнгөн өрдөк, казы бар,
Алмасы бышып көң болгон,
Жаңгагы бышып сай толгон,
Кызгалдак чөбү кылкылдап,
Кымыздык чөп, ышкыны
Тегиз бышып былкылдап,
Жаткан экен Ак-Талаа.
Оргуган булак суусу бар,
Жылтыркандуу шыбагы,
Жыргалдуу экен убагы.
Басып адам келбеген
Эпкин экен жерлери,
Ээн жаткан төрлөрү.
Чырпыктары чынардай,
Чынарлары мунардай,
Чымчыктарын карасаң
Тоо башында улардай.
Жылаандарын карасаң
Тогуз кулач аркандай.
Алда таала кудирет
Жан жараткан ар кандай,—
Эркин экен талаасы.
Бөрсө* деген бир жан бар,
Курсагынан бөжөңдөп
Чыгып турат баласы.
Киши кийик, төө кийик
Адырында көп экен,
Ак-Талаанын аягы
Алтай деген жер экен.
Ал Алтайды жердеген
Кара калмак, манжуу журт –
Кайнап жаткан эл экен.
Балта, Жакып башчысы,
Эмгектүү колу байланып,
Айылы менен зарланып,
Алтайга барды айдалып.
Кыйноону көргөн курган журт
Күн көрөр айла тапты эми;
Саанчы кирип сүт ичип,
Минтип жанын бакты эми.
Жылкы жайып, күч минип,
Антип жанын бакты эми.
Кара кытай, манжуудан
Баш батар жайын тапты эми,
Эчкинин тоңгон майын жеп,
Минтип жанын бакты эми.
Бул тарапка келгени,
Он эки айга толду эми.
Чалдыр-булдур сүйлөшүп,
Үйүр алышып калды эми.
Алтайда кыргыз ичинен
Акылманы Акбалта,
Ирдүүрөк деген бир жандык,
Кыргыздан келген көк бука;
Көк ала майдан шиберге
Көк буканы союшуп,
Көңүл толгон көп капа,
Көп капаны жоюшуп,
Бала каздай каркылдап,
Ак сакалы жаркылдап,
Абаң Балта кыргызга
Акыл айтат жаркылдап:
"Балдар, капанын баарын
чачалы,
Кайгырсак да, бышсак да,
Кайра кыргыз табылбайт.
Эми алтындын кенин казалы,
Кетмендеп жерди оёлу,
Кайран жан өлүп кеткенче,