Яндекс.Метрика

Баатырдын торолушу

Тойдон кийин токтолуп,

Тогуз айдай өтүптүр;

Манас бойго бүткөнү

Бир нече айга жетиптир.

Байбиче болсо бул күндө

Бал, шекерге карабайт,

Башка тамак жарабайт.

Жесем дейт жолборс жүрөгүн,

Мындан башка санабайт;

Же табылбайт жолборс жүрөгү.

Жинди болуп байбиче

Жеригинен жүдөдү.

Жылкычы кабар бергени,

"Каңгайдын кара мергени

Жолборс атып салды,- деп,

Терисин сыйрып алды,- деп,

Боор, жүрөк, башка эти

Кур талаада калды"-деп.

Айтканын Чыйыр угуптур,

Алдынан чуркап чыгыптыр.

Тура калды Чыйырды

Жылкычынын жолуна,

Каракулак чоң жамбы

Кармай барды колуна,

"Кайыптан дүйнө тап,- деди,

Карап турбай жылкычы

Кайта ылдамдап чап,- деди.

Жашырып, жаап жүрбөгүн,

Жарып жолборс жүрөгүн,

Алып кел,-  деди, өзүмө.

Ата-энемден сен жакын

Көрүнөсүң көзүмө.

Каалаганың баарысын,

Канча де, берем өзүңө".

Жылкычы буга таң калды,

Акысына жамбы алды.

Ара конуп арага

Ал жылкычы сандалды.

Барса жолборс жатыптыр,

Зыңкыйып муздап катыптыр.

Жолборстон жүрөк алганы,

Жолго кайра салганы.

Жол боюнда да бир бээ

Телиден өлүп калыптыр.

Жылкычылар жыйылып,

Аны союп алыптыр.

Анын да алды жүрөгүн.

Экөөн бирдей бермекке,

Байбиченин бул ишин

Байкап сөзүн көрмөккө

Жылып жолго салганы.

Эртесинде, түш ченде

Жетип келип калганы.

Жылмайып басып байбиче .

Элечектен каш чыгып,

Эки көздөн жаш чыгып,

(Жылкычы аты Бадалбай)

Чыйырды эми кеп айтат:

"Бадалбай балам,-деп айтат,

Эки жүрөк эмне?

Жолборстор жолго жатканбы?

Каңгайдын кара мергени

Катарлап экөөн атканбы?

Же мал жүрөгүн жолборс деп,

Башынан шорум катканбы?".

Байбиче сүйлөп калыптыр.

Жүрөгү деп жолборстун

Бадалбай айта салыптыр.

"Кыласызбы дары,-деп,

Кыйла барктап аны,- деп;

Кызарып агып турбайбы

Жүрөгүнүн каны"—деп,

Бадалбай айтты баянды,

Байбиче көөнү жайланды.

Челкендей басып байбиче,

Челектеп сууну алганы,—

Эки жүрөк салганы.

Чала-була бышырып,

Жанга бербей жалмады.

"Сонун экен бу да,—деп,—

Сорпосун ичем мына"—деп,

Эки аяктай сорпосун

Калтырбай ичип алганы.

Байбиченин талгагы

Магдырап, канып калганы.

Эр Манас бойго бүткөнү

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.