Мөмөсүз жыгач отундур,
Туубай турган болгон соң
Тумшугу жок катындыр!
Байбиче турду майышып,
Бай Жакып турду кайышып,
Жетип келди Бакдөөлөт
Жекенге буту чалышып.
Бакдөөлөт туруп муну айтат,
Байбичени муңайтат:
— Мен шордууга нетти деп,
Эжекемдин жолун кууп
Этегимден кан чыкпай,
Баштагы болгон эжемдин
Жолун жолдоп кеттим деп.
Бала десем зарланып,
Бала туубай койгондон
Байбиче өлбөйт арданып.
Үйүм толгон көөхар* таш,
Үмүтүм көп, башым жаш.
Жер ортосу Боз-Дөбө
Билесиз басып жылбасын,
Мээнет баскан Чыйырды,
Пендени сендей кылбасын!
Берер кудай өзүмө,
Мен киргенде үйүңө
Мен өңдөнгөн алуучу
Көрүнөт экен көзүңө.
Бакдөөлөт аны айтыптыр,
Басып чыгып кайтыптыр.
Аны көрүп байбиче
Айтар сөзү жок болуп,
Акыл ойлоп токтолуп,
Көңүлү канча сөгүлүп,
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Жүүнү бошоп жыгылып,
Жүк алдына бүгүлүп:
— Алагөр кудай барымды,
Төрт түлүктүү малымды,
Аман койсо чалымды
Жашартар кудай жанымды.
Ушунчанын ээси
Угар бекен зарымды?
Алда берсе тилегим
Аябас элем барымды.
Аны айтып байбиче
Башын койду жаздыкка,
Бакдөөлөттүн көңүлү
Кеткен экен кастыкка.
Кас көңүлү билинди,
Ыйлап жатып Чыйырды
Чырым көзү илинди.