МАНАС
— Ой, аке, эмне ыйлайсыз? Эртели-кечти эки көздөн жашты тыйбайсыз? — деп сурады.
Ал сөзүнө Жакып жооп айтып турбады. Абдан катуу ыйлап, үйгө келип түштү. Атын байлабады, алды-артын карабады, караганга жарабады, үйгө кирди, киргенин Чыйырды байбиче көрдү. Кандайлыктан капаланды экен деп, эмне болду сизге деп, капалыктын жөнүн айтчы бизге деп, жооп сурады.
Анда Жакып кеп айтат,
Ачууланып бек айтат:
— Эси жок кандай катынсың?
Эсирген кандай капырсың?
Эртели-кечти мен чыксам
Элким үйдө жатырсың.
Эркелеткен балаң жок,
Эрмек болор адам жок,
Же сүйөрүңө балаң жок,
Же сүйөнүшөр адам жок.
Ушундайды эстесем
Сүлдөрүм бар, дарман жок,
Сүйсөм бала арман жок!
Баштатадан тек жүрдүм,
Бала болор деп жүрдүм,
Байкабастан көп жүрдүм.
Кутмандуудан бата алдым,
Куруп калсын дүнүйө,
Куу баш Жакып атандым.
Карыды Жакып куу баш деп,
Калктын баары сени айтат
Катыны жүрөт туубас деп.
Санап туруп дүнүйө
Заманам бүгүн айланды,
Баштагы сенин жолуң кууп
Бакдөөлөт жолу байланды.
Эки катын алганым,
Эч туяк көрбөй калганым,
Эсиме түшүп элкиндик,
Эгеме ыйлап зарландым.
Бай Жакып турду муну айтып,
Байбичесин муңайтып
— Мендей карган кемпирди
Мээнетке кудай келтирди.
Менин элүүгө жашым жеткени,
Эчактан бери түңүлдүм
Эсимден бала кеткени.
Эркелеткен катының
Эмдиге туубай неткени?
Бакдөөлөт аты коюлуп,
Бала тууп бергендей
Басып жүрөт чоюлуп.
Эки катын биригип
Эркек деп сени сактады,
Эркелеткен катының
Эмдиге бала таппады,
Эзелден ишим тетири
Эгем таала чактады.

