МАНАС
Мурункулардан калган сөз: Каракан, Угуз хандан кийин Аланча хан уругунан Байгур, Уйгур дегендер (болгон) экен. Байгур балдары Бабыр хандан Түбөй, Түбөйдөн Көгөй, андан Ногой, Шыгай, Чыйыр деген үч уул болгон. Ногойдон Орозду, Үсөн, Бай, Жакып деген төрт уул болгон. Кытай мамлекети буларды бөлүп кеткен. Ошондо Жакыптын Чыйыр деген агасы өлгөн. Андан кийин Жакып Чыйырдын Шакан аттуу катынын алган жана да манжурия калкынан Бөйөндүн уулу Чаян дегендин Бакдөөлөт аттуу кызын алган.
Ушул эки катындан бир да бала болбогон, өзү элүү жашка келген. Эсепсиз бай болуп, салтанаты адамдан артык болгон. Байбичесинин Шакан аты калып, баштагы эринин аты менен Чыйырды деп атанып кеткен. Алиги Жакып бай баласы жоктукту арман кылып ыйлап, ушул төмөндөгү сөздөрдү айтат:
Тукуму жок өтөм деп,
Туяксыз кандай кетем деп,
Жалгыз куу башым бар,
Датым кимге жетем деп,
Күндө-түндө тыным жок
Дүнүйө жыйдым эпеңдеп,
Ажал жетсе бир күнү
Акыретке кетем деп,
Артымда туяк болбосо
Артык дөөлөт нетем деп,
Баласы жоктон зарланып,
Балалууну көргөндө
Байкуш Жакып арданып,
Ботосу жоктон зарланып,
Ботолууну көргөндө
Боздоп Жакып арданып,
Көңүлү түрдүү сөгүлүп,
Көздөн жашы төгүлүп,
Бир кудайга зар айтып,
Пил баштаган нар айтып,
Мойнуна куржун салынып,
Мазарды көрсө Жакып бай
Баркырап ыйлап жалынып:
Бербесе теңир чарам жок,
Беш түлүктөн мал жыйдым
Жашым жетти кырк сегиз,
Дүнүйө күттүм куп тегиз.
Акыретке бет алсам
Алтын, күмүш пул калат,
Алган жарым тул калат,
Айдаган малга ээ болуп
Алтайдан келген кул калат,
Аргымак семиз кур калат.
Атлес, шайы, дүрүйө**
** Ушул түрдөгү белги коюлган сөздөргө китептин аягында сөздүк тибинде түзүлгөн түшүндүрмө берилди.

