МАНАС
Артымда бала жок туруп
Арбыды мынча дүнүйө,
Айдап жүрүп акыры
Азабын тарттым күнүгө.
Зарлап жүрүп бала үчүн
Зар болдум жакшы күлүүгө.
Оболоп учкан ак шумкар
Таптап салар кишим жок,
Жаш күнүмдөн мал жыйдым
Бала менен ишим жок.
Жүргөнүм менин чала экен,
Дүнүйө ээси бала экен,
Артында бала жок болсо,
Дүнүйөсү курусун,
Бузулуп калган калаа экен.
Атам Ногой хан болду,
Жакып кандай жан болду?
Айдаган жылкым сан болду,
Айлымдын үстү чаң болду,
Чайнаганы май болду,
Чарбадары бай болду.
Күрөөкө соот* дат болду,
Кермеде толгон ат болду,
Көй* күлүктү көргөндө
Күлкүдөн Жакып жат болду.
Ээлеп минер бала жок,
Эгем кылса чара жок,
Эркек бала күтөм деп
Эр Жакыпта санаа жок.
Жакып ушул сөздү айтып ыйлап, көңүлү бузулуп, көз жашы тизилип, жылкы, төө малдан кайтып, кудайга зарын айтып, Туучунак минип желип, бай Жакып туптуура үйүн көздөй келип, айлынын жанына жакын атасынын аты Акымбек, анын Меңдибай деген бир баласы бар эле, ошого жолукту. Он бир жашында, суусар бөркү башында, келди Жакып кашына, баланын көзү түштү Жакыптын жашына.

