Яндекс.Метрика

Козкаман менен Кокчокоз

Балбандар түгөнүшөр чак келди,-

Эми түгөнүшүп калалы".

Көзкаман менен Көкчөкөз

Ушуну көбүрөөк айтып турганы.

Бул тукурукту укканда,

Манасты көздөй жабылып,

Балбанды кудай урганы.

Көкчөкөздүн тогуз уул

Көмө каптай берди эми,

Желтийбестин тогуз уул

Жетип, каптай берди эми.

Кылыч чапчуу кыйындар

Азыр башын кесчүдөй

Жакын келип турду эми.

Калмак каптап кетээрде,

Башына кылыч жетээрде,

Кара чаар кабылан

Манастын капталында чамынып,

Чолок көк жал арыстан

Манастын бет алдында камынып,

Астын сала бергенде,

Ак жолборстой түрдөнүп,

Эр Манастын барааны

Миң кишидей өңдөнүп,

Көргөн калмак балбандын

Көңүлү жаман бөлүнүп,

Балбандардын көзүнө

Эр Манас арыстан болуп көрүнүп,

Майлаган буудай жүздөнүп,

Күүгүм туман көздөнүп,

Ары баатыр, ары шер,

Арыстанга чыдап кире албай,

Алек болгон ошол жер.

Эр Манас көзүн жумганда,

Чапмак болуп камынып,

Арыстан көзүн ачканда,

Качырып келген балбандар

Кайра качат жабылып,

Манастын көзү жумулса,

Балталарын барбайтып,

Кылычтарын кымпыйтып,

Чокморлорун чочойтуп,

Найзаларын аркайтып,

Калмактар кирип барат камынып.

Манастын көзү ачылса,

Ысыгына бата албай,

Суугуна жата албай,

Кайра качат жабылып.

Найзачаны бата албай,

Мылтыкчаны ата албай,

Алек болуп турганда,

Асмандан алданын күнү бүркөлүп,

Арыстаныңдын башына

Алтымыш мүшкүл бир келип,

Көңүлү жайан бөлүнүп,

Ажалы жакын көрүнүп,

Арыстан эр айтты арманды

(Эстеген экен ошондо,

Кайраның кырк чоро өңдүү балбанды);

Кайран бир жандан түңүлүп,

Кырк чоро жоктоп оңгурап,

Кадырыгы бек түтөп,

Кайран эр айтып турду коңгурап:

"Кара ниет калмактан

Э!.. кудай, өлгөнү келген экенмин!

Тирүүлүктүн кордугун

Мен бүгүн көргөнү келген экенмин.

Тууганым деп калмакты,

Туура алдатып кайран баш,

Түшкөнү келген экенмин.

Өт жарылчуу кымбат уу

Бул калмактын колунан

Мен ичкени келген экенмин.

"Кырк аркан бою зынданга

Мен житкени келген экенмин.

Уу чылапсың күбүңө*,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.