Яндекс.Метрика

Козкаман менен Кокчокоз

Айталаада калганым".

Баатыр Манас кайран шер

Баарысын жоктоп турганда,

Көк жалдарды чубатып,

Көңүлүнө алганда,

Арыстан кайрат Акаяр,

Жарап турган кези экен,

Кылыч алып кымпыйып

Санап турган кези экен:

"Кымбатым Манас санга алса,

Кызматым эстеп ойго алса,

Кыйкырып кылыч чабам,- деп,

Ажыратып алам - деп,

Акаяр карап турган кези экен.

Ыкыс берип, Акаяр

Көрүп турган кези экен.

Кылча көрбөй куу жанды

Кыйбаты Манас көк жалга

Курман болуп кетсем деп,

Өлүп турган кези экен.

Сандуу кебиң укканда,

Айкөл Манас кабылан

Акаярлап чыкканда,

Өрттөй көзү жайнады,

Өлүп кетпей калбады.

Каалгадай кайран тиш

Таруудайдан чайнады;

Арыстандай көзү жайнады.

Акаярдай балбандын

Кан ичмеси кармады.

Кан төк десе, жин төгүп,

Кайраты бар неме ошол;

Суу ич десе, уу ичкен,    

Омбул-домбул эр ошол.

Өлгүчө кирип болушуп,

Өлөрман менен салышып,

Кайран жеңең Канышка

Кабар берген жери ошол.

Түбүнө эми жетерде,

Туйгун Манас баатырдын

Азыр башын кесерде,

Каарданып, бакырып,

Качырып кирди Акаяр

Манастап ураан чакырып.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.