Яндекс.Метрика

Козкаман менен Кокчокоз

Манжуудан көрдүк кордукту,

Кара кытай, көп шибээ

Калкынан көрдүк зордукту.

Кабылан Манас, башынан

Калкты күткөн адатың,

Калмактан келген мобулар,

Кагыша кетсек жоо менен,

Сенин көтөрүп учар канатың".

Көкчөкөз сөзүн укканда,

Баатыр алып келди Таласка;

Аталаш тууган болгон соң,

Айыл конду Манаска.

Чактап көргөн адамга

Чалгырты болду сөзүндө,

Чамасы келсе, какшаалдар

Чалмак болот кезинде.

Бөтөнү болду сөзүндө,

Бөлөгү болду көзүндө,

Бөлүнүп келген какшаалдар

Эми бөлгүсү келди өзүңдү.

Ашкере адал кишидей

Аттанып конду Таласка,

Абыдан "тууган" ал болду,

Айланып арыстан Манаска.

Манас Манастыгын билгизди:

Атсыз келген калмакка

Аркар аяк, жез билек

Ат тулпарын мингизди.

Тонсуз келген мангулга

Жакасы алтын, жеңи жез

Кош бадана*, торгой көз

Ок: өтпөс тонду кийгизди.

Катынсыз келген калмакка

Карындаш тууган ушу - деп,

Калк чогултуп айтып кеп,

Кабар салып мурунтан,

Алып берди зор Манас

Кырмызы көйнөк, найча бел

Кыргыздан чыккан сулуудан.

Малсыз келген какшаалга

Адырда жылкы ала баш,

Аргымак, буудан аралаш

Ар түлүктөн мал берди Манас;

Эндей аяк какшаалга

Элди-журтту билгизди.

Үйсүз келген калмакты

Сан казына, ак ордо

Атайылап киргизди.

Көк жал Манас ошондо

Казына оозун ачтырды,

Көзкаман тууган болот- деп,

Күрөй-күрөй чачтырды.

Тел кулун союп жей берди,

Тегереги бузук сөз,

Манаска тең тууган болом дей

                                          берди.

Кымызын ичип желигип,

Арыстан Манас көк жалдын

Кыябын таппай жээлигип,

Арагын ичти ээлигип.

Арыстан Манас баатырдын

Айласын издеп жээлигип,

Бөтөн саздын жээгинде

Бөлүнүшө сүйлөшөт,

Аракка тоюп алганда,

Какшаалдар бирөөнү - бирөө

                                             күүлөшөт.

Көтөрмөнүн уурчукка

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.