Яндекс.Метрика

Манастын Аккуланы буудайга алмашып алышы

Айкөлүм сайды деп сайган,

Ажыдаардай жүрөктүү,

Ак жолборстой билектүү,

Сапырылтып душманга,

Салып жүргөн дүмөктү,

Көк рапыс тон кийген,

Көк ала тулпар ат минген,

Жети түмөн кол келсе,

Желиккен бойдон бир тийген,

Ач айкырык, куу сүрөөн,

Атса, мылтык өтпөгөн,

Чапса, кылыч кеспеген,

Кууса, качкан кетпеген,

Качса, кууган жетпеген

Кыргыздардын кырааны -

Акбалтанын Чубагы -

Арыстандын бири бу дагы,

Кара мылтык карс этсе,

Чубакең качпай турган эренден.

Чогол мылтык чорт этсе, 

Чубакең чочубаган беренден!

Арыстан Манас баатырдын

Астында жүрсө ак жолтой,

Ак асаба туу кармап,

Чубакең артында жүрсө, сан

                                               колдой, -

Эр Чубак келип калганы;

Аттан түшүп алганы,

Айкалышып көрүшүп,

Баатырдын бет алдында турганы.

Тээ... тетиги чыканактап калбаган,

Чырм этип уйку албаган,

Уйкусу жок, жолго сак,

Атка жеңил - тайга чак,

Сундурса найза тартпаган,

Сумсайып жоодон качпаган,

Аталаш жакын тууганы

Кабыландын Сыргагы,

Тууралжын келген, бою пас,

Тулку бою кара таш,

Өмөлүшө жоо келсе,

Өлүмдөн жанын аябас,

Алтымыштын артыгы,

Кырк чоронун кыйыны,

Кыйкырган жоону беттеген

Кырааның Сыргак чыныгы, -

Эр Сыргак келген кези экен,

Баатырыңдын чоронун

Баарысынан кичүү экен.

Аттан түшө калганы,

Бооруна колун алганы,

Арыстаныңдын алдына

Ийиле басып барганы.

Тула бойдон күч кетип,

Кара көздөн жаш кетип,

Агасын көрүп жоготкон,

Кара тилден сөз кетип,

Араң кармап колунан,

Анан бек кучактап мойнунан,

Ыктап турган кези экен,

Абасынын ийнинен

Бала Сыргак буркурап

Жыттап турган кези экен.

Ошол кезде карасаң,

Сөз сүйлөшүп жабырап,

Катар жүрүп дабырап,

Кылымга маалим кырк келди;

Кыраандарың бүт келди,

„Кайыгып качкан Таластан

Кабыланды таптык" — деп келди.

Ошол кезде карасаң,

Эл аманын кааласаң,

Акылга терең даанышман,

Кеңешин курган алыстан,

Сан жыйынга нарк айтып,

Жалгыз чыккан жарыштан;

(„Э"- дегени эки эмес,

Кебин сура калыстан)

Маңдайында багы бар,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.