Яндекс.Метрика

Манастын Аккуланы буудайга алмашып алышы

Ачып көздү жумгуча,

Андай-мындай дегиче,

Токсон төөгө жүк артып,

Топук кылып жол тартып,

Жөнөп кетти Карача.

Карааны көзгө илинбейт,

Баатырың сереп салып караса!

*  *  *

Ошол кезде кабылан

Аккула минип болкоюп,

Накери* бутта чойкоюп,

Сыр найза колдо койкоюп,

Караса көзү чок болуп,

Оозунан чыккан илеби

Саадактан учкан ок болуп.

Алыска, жуукка айныбас,

Атылган жагын ылгабас,

Ортосу болот оозу албарс,

Асынып жүрсө Аккелте,

Айдалыыын айнеги,

Алышар душман кез келсе,

Азамат эрдин эрмеги.

Ашыкпаса кой чагыр,

Ачууланса,- замбирек,

Аккелте үнү чаңырса,

Ага кандай жабдык тең келет

Аккелте мылтык асынды,

Таш көмүргө таптаган,

Как ыргайга саптаган,

Көөкөрчө кылып ийдирген,

Кыл кыял чаап чийдирген,

Чагарагын алтын сомдогон,

Чапкан жоосу оңбогон,

Эшик эндүү айбалта

Кыстарды Манас белине.

Көмүрүнө чыдабай,

Көңкү токой жоюлган,

Көрүгүнө чыдабай,

Көк букалар союлган;

Барскан урган устанын

Балтырлары чоюлган;

Учун кайкы чыгарган,

Ууга аябай сугарган,

Түн ичинде суурса,

Өрт күйгөндөй кызарган;

Тоону чапса, таш кескен,

Белге чапса, баш кескен,

Шиберге койсо, өрт кеткен,

Шилтегени мүрт кеткен

Кылычын кыя байланды.

Камыш кыйып каптаган,

Тарамышка чаптаган,

Темирин сегиз кырдаган,

Он эки турдүү сырдаган,

Учун ууга сугарган,

Бөрү тил мизин чыгарган,

Шамалга тийсе ырдаган,

Тийген жери ырбаган,

Чагарак алтын тактырган,

Душманы жакка бактырган,

Найзасы турат колунда.

Бороонду күнү суук өтпөс,

Жаанду күнү суу өтпөс,

Чыбырчык алтын, чымчык көз,

Чың бадана* торгой көз,

Баатырыңдын кийгени.

Аймаңбозду жетелеп,

Эми камданып турган кези экен

Кайра Талас жүргөнү.

Ошол кезде карасаң,

Боз талаа бети жымылдап,

Боз адыр жели зымылдап,

Жер түбүнөн чыккансыйт

Жезнайдын үнү чыңылдап,

Күрөөкө соот, жаркылдап,

Үстүндө эрлер алкылдап,

Бороондоп бир топ жан келет

Боз адырды алкымдап,

Энтеңдете бастырып,

Эрендин көбүн шаштырып,

Кайыпчынын кара нар

Азыгын сылай арттырып,

Ошол кезде карасаң,

Манастан жоону көп сайган,

Баатырым сайды деп сайган,

Арыстандан жоону көп сайган,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.