Яндекс.Метрика

Манастын Аккуланы буудайга алмашып алышы

Чиркиндин боорунун жазыгы

Момолой ийин казгандай.

Аккулаңдын таноосу

Чабал-чубал адамдар

Кийми менен баткандай.

Өркөчү бийик, өр Кула,

Өзү айбандан зор Кула,

Омурткасы ор Кула

Колуңа тийген экен го.

Иним, ойротто жок чоң Кула,

Кабыргасы как Кула,

Карап турсам, таапсың,

Баатыр, сен, казанат тулпар Аккула,

Туягында агы бар,

Кулагында шамы бар,

Көкүлүн көккө түйдүрүп,

Көзүн оттой күйдүрүп,

Кабыланым сага кут болсун,

Бу куюндан бүткөн жаныбар!..

"Мындайыңды билгенде,

Кыраандарга кабарды

Сала кетсең болбойбу,

Калтырбай Чубак, Сыргакты

Ала кетсең болбойбу.

Талаадан тулпар тапканың,

Айта жүрчү иш тура.

Эр Чубак өгүз айдашса,

Бала Сыргак буурусунду кармашса,

Тобуңа тиймек экен го

Тоодой болгон үч Кула.

Абасы мындай дегенде,

Чоролор карап калды эми.

Кантер экен дегендей,

Манаска көздү салды эми.

Каалгадай кашка тиш,

Калайыктан башка тиш

Кашкайып чыгып алды эми,

Кайран Манас баатырың

Каткырып күлүп калды эми.

Кабыланыңдын чоролор

Каткырыкты салды эми.

Чаначтын оозун чечишип,

Чаңкан кымыз ичишип,

Баатырдын жарпы жазылды,

Баарында кабак ачылды.

Дагы Бакай кеп айтат,

Эр Манаска бек айтат:

"Баатырым Манас, сени издеп,

Биз кечпеген суу калбай,

Биз баспаган тоо калбай,

Төгөрөктүн төрт бурчун

Тинтип чыктык ар кандай,

Бир мүнөзүн карасам,

Иним, адам айран калгандай.

Таарындым Жакып чалга, - деп, -

Талаада жатып алба, - деп, -

Калкың, кыргыз барында,

Кем болбоссуң малга, - деп, -

 Эрегиштен не пайда

Эси кеткен чалга, - деп, -

Эчтемең сенин кем болбойт,

Эли-журтуң барда, - деп, -

Милдетин алсаң элиңдин,

Намысын күтсөң жериңдин,

Иним, эми мындай кылба, - деп,

Айтпай сапар жол жүрүп,

Алакетке салба" - деп,

Баатырың менен кеңешип,

Чай кайнамдай турушту.

Бекер туруш не дешип,

Аймаңбозду жетелеп,

Таласты көздөй төтөлөп,

Боз талаадан чыгышты.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.