Яндекс.Метрика

Манастын Аккуланы буудайга алмашып алышы

Тартуу кылып берейин.

Тартып турган Аккула

Туура тулпар мал эле,

Айкөл Манас өзүңө

Ылайыктуу жан эле.

"Аккула жайын айтайын,

Айгай укса, шашпаган,

Айдын караңгысында

Бир изин жаза баспаган.

Кулак тунган чуу болсо,

Желигип чылбыр чойбогоң,

Жеткилен буудан ойлосоң,

Кыл куйруктун кыйыны -

Өзү жел кайыптын кулуну.

Кайыбынан кабылган,

Ээн талаада табылган.

Кулан менен куушкан,

Чөлгө туулуп, ташка өскөн,

Айбандан бөлөк башка өскөн.

Лоп дайранын баткалда*,

Он түмөн жылкы жатканда,

Ат кара тил болгондо,

Жаз ыраңы толгондо,

Тоо таяна эл көчө -

Таң кашкая сүргөндө,

Жерге жарык тийгенде,

Салып жетип карасам,

Жылкы аманын кааласам,

Жылкы ичинде буркурап,

Куюн ойноп жатыптыр.

Көп жылкыны карасам,

Жоо тийгендей чуркурап,

Кыйын ойноп жатыптыр.

"Салып барсам ошондо,

Туудум деген эне жок,

Туудурдум деген ата жок,

Туура кайып экен деп,

Өзүм таап алгамын.

Бир адамга билдирбей,

Жалгыз байлап салгамын.

Тапкан күнү Куланы

Жети кулун сойгомун,

Жети бээнин эмчегин

Жеке эмдирип койгомун.

Абайы* жабуу жаптырып,

Айбандан бөлөк бактырдым

Аккула деп ат коюп,

Артыкча күтүп жүргөмүн.

Кулагы шамдай, кулан жон,

Тердик салып минбедим.

"Журтумду басып ачкалык,

Эми бет алдыңа токтодум.

Береним сага тартуу деп,

Табылбаган тулпарды

Тартуу кылдым өзүңө

Кылымда мындай табылбайт;

Кылайып эки кабылбайт.

Таманы кызып алганда

Таңкы желдей зарылдайт.

Куп буюруп өзүңө,

Кез болгон ушул чак экен.

Кең соорусу бир кучак,

Керишке минер мал экен.

Кара нар кескен* байланып,

Карарган тоону айланып,

Кайгуулга* минер мал экен.

Түпөктүү найза колго алып,

Күндүр-түндүр жол чалып,

Түйшүккө минер мал экен.

"Бул Аккула табылган,

Бактыбызга кабылган.

Бирөө кастык кылар деп,

Жер чукуп, бекитип,

Чуңкур жайга бактырдым.

Бышты болуп келгенде,

Башына нокто каттырдым.

Колдон чыгып кетер деп,

Ал ноктонун өзүнө

Он эки чылбыр тактырдым.

Түнкүсүн үртүк, күндүзү

Абайы менен жаптырдым,

Коштогондо каранды,

Он эки балбан бош коштоп,

Окустан майып кылат деп,

Жолун ачып бош-боштоп, -

Жоругу мынча бар эле,

Баатырым, Манас, угуптур,

Жумуру баштуу пендеге

Бул өзү жолукпай турган мал эле.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.