Яндекс.Метрика

Араниктеги согуш

Болотко-болот чагылып,

Күркүрөгөн көк жалын

Туш-тушуна жабылып,

Аленгир* жаа, сыр жебе,

Керип тасма чоюшуп,

Көргөндөр жандан тоюшуп,

Саадак менен бир-бирин,

Отуз-кырк атып коюшуп,

Жаанын огу короюп,

Кирпичечен огундай,

Сайган бойдон сороюп,

Ок боюна кадалып,

Батып-батып, мадалып,

Соот менен кыягы,

Кийген тону көк темир,

Сонун болуп сыягы,

Мылтык октоп атышып,

Мыктап жаа тартышып,

Жадаганда бул экөө

Жанып колго кайтышып,

Коркоктор турду нес болуп,

Эки баатыр кез болуп.

*  *  *

Кош-кошуна кайтышты,

Уруш менен кеч болуп.

Даамдарын татышты,

Эки кошуун баарысы

Кароол коюп жатышты.

Кароолду катуу коюшуп,

Кайгыланып кай бири,

Кандай заман болот деп,

Кара жандан тоюшуп,

Ал күнү антип жатыптыр,

Эртеңки таң атыптыр.

Качалык деген баатыры,

Каарданып акырды,

Кайдасың бурут келгин деп,

Талалкерден чакырды.

Аш казандай башы бар,

Комдонуп жаткан кара иттей,

Эки кара кашы бар.

Эрлиги ашкан элинен

Элүүгө жакын жашы бар,

Тоту куштун куйругун,

Төбөсүнө сайынган,

Көк отого тамы бар, -

Качалык кирди майданга.

Лаилама колдо деп,

Кыйкырыгы баш жарат,

Кыргыздан чыкчуу ким барсың,

Бул өңдөнгөн айбанга?

Кабай бай уулу Ашаң дөө,

Казактардан акырып,

Каарданып бакырып,

Каршы барды ошондо

Качалык сындуу баатырга.

Качалык каршы турганы,

Кара найза сунганы

Ашаң дөө жетип урганы.

Качалык турган жолуна

Айбалта кармап колуна,

Айбалта катуу чабылып,

Найзага келип жабылып,

Сынды найза качырап.

Найзанын сынган сыныгы,

Ар тарапка чачырап,

Ашаң дөөнүн өзүнө,

Аңдап көргүн азамат,

Эртеги элдин сөзүнө.

Найзадан сынган бир сынык,

Кадала түшүп көзүнө.

Ашаң дөө көздөн айрылды,

Кошуунду көздөй кайрылды.

Ашаңдын көзү чыгыптыр,

Алиги баатыр Качалык

Артынан жетип Ашаңды,

Ай балталап жыгыптыр.

Ай балта тийген башына

Ашаң дөө келип жыгылды,

Калың кошуун кашына.

Өлтүрдүм деп бурутту

Кайра тартып кеткени.

Жарадар болуп жан калып,

Жарым эс болуп сандалып,

Бир көзүнөн айрылып,

Билбей эстен кайгырып,

Колуна кирди кайрылып.

Көрүп аны калганы

Көк ала ат менен салганы,

Ар жагынан Качандын

Көкчө жетип барганы.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.