Яндекс.Метрика

Араниктеги согуш

Эми Талап куруптур.

Курубаса неткени,

Кекиртекке жанчканда

Асаба төшкө жабылды,

Астындагы Тазкүрөң

Сооруга башы чабылды.

Кызыл каны шыркырап,

Тамагынан жел чыгып,

Найза тийип кыркырап,

Бөрү тилдүү тил найза

Тамактан ары мылгыптыр,

Чыпалактай кара кан

Акырек ылдый жылжыптыр.

Кылычты Бакай алганы,

Оң тарапка салганы,-

Карысынан оң колу

Жерге түшүп калганы.

Сол колу менен калыптыр.

Бура тарта бергенче,

Бакай кылыч салыптыр.

Бакайдын көргүн ойнуна,

Кылыч тийип мойнуна,

Башы жерге калыптыр.

Уларбоз башын буруптур,

Урушта Бакай туруптур.

Каңгайды кудай уруптур.

Суксак аттуу батыры

Майданга кирди акыры.

Өнөрдү бөлөк баштаптыр:

Үч тегирмен таштарын

Катуу кара жыгачка

Шынаа кагып аштаптыр.

Күрсүсүн көрсөң,мына бу,

Бул тийген аман турабы!

Күчү толук кызталак,

Күркүрөшү күн болуп,

Бетиндеги ызгаары,

Бери болсо капырай,

Бир байпактык жүн болуп,

Келди суксак күркүрөп,

Көргөндүн бою дүркүрөп,

Өлтүрдүң Талап эрди деп,

Кыйрымдан бузуп сен алдың,

Кыргыз,казак элди деп,

Сенин кылган ишиңе,

Менин жиним келди деп,

Эне-атаң барган жериңе,

Жиберейин сени деп,

Колго найза алыптыр,

Коржоңдогон бул Суксак,

Сур атка камчы салыптыр;

Мелтиретип найзаны

Бет алышып калыптыр.

Калмак ээр кашына,

Как жүрөктүн башына

Эр Бакай найза салыптыр,

Алтын кемер четине,

Ай балканын бетине,

Суксак шилтеп калыптыр.

Найзалар төшкө така-так

Найзанын алы келе албай,

Бирин бири жеңе албай,

Айбалта башка шака-шак.

Имерилип турушуп,

Элүү-кырктай урушуп,

Аркы-терки чабышып,

Арманы жок салышып,

Урушта жүрүп токтолуп,

Эр Бакайдын Көкчыбык,

Жонунда жүргөн октолуп,

Коросон оттук бир чагып,

Көк милте калды чоктолуп,

Абакеңиз Бакайдын

Көңүлү тынып токтолуп.

Оңдоп найза алганы,

Карысына салганы,

Кароолго башын келтирип,

Маша тартып калганы.

Көкчыбык үнү тарс этти,

Көз ачырбай ок жетти.

Башын жарып ок кетти.

Суксактын башы жарылды,

Мээси жерге жабылды,

Аны көрө салганы,

Кеселик аттуу балбаны,

Кыргызды койбой кырам деп,

Кекенип жетип барганы.

Абакеңиз эр Бакай  .

Кабыргасы кайышты,

Кенебей турган эр Бакай

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.