Яндекс.Метрика

Араниктеги согуш

Кылабына* жеткирип,

Машааны ирмеп ийгени,

Чоргодой болгон кызыл чок

Казанчыкка киргени.

Ооз оту жарк этип,

Көк бараң үнү тарс этип,

Төрө баатыр Көкчөнүн

Төбөсүнөн төрт эли

Алыс бойдон ок кетип,

Кылабынан ашырып,

Кырма дары салыптыр,

Аткан жерден төрт эли

Арбындык кылып дарысы,

Алыс кетип калыптыр.

Аман калып эр Көкчө,

Алма баш мылтык алганы,

Аябай дары салганы,

Атайын деп эр Көкчө

Бетине мылтык кармады.

Карап чыдап тура албай,

Калмактардын Качалык

Кайра качып калганы.

Оно бою көк темир,

Ок өтөргө жери жок,

Сөзүн бузуп Качалык,

Качыщынын эби жок.

Качканга кантип коёюн,

Калың элге жеткенче,

Алда берсе соёюн!

Аны ойлоно калганы,

Мылтыкты бетке алганы,

Качкандыгы билинди,

Камчыланам дегенде,

Кароолго оң кол илинди.

Илингенде оң колу,

Эми чыгар ойрону.

Машааны ирмеп салыптыр,

Оң колунун билегин

Ок үзүп кетип калыптыр.

Сол колдо тизгин, чылбыры,

Талаадагы сай менен,

Талаа булуң жай менен,

Колун көздөй бет алып,

Азыр качып калыптыр.

Жалгыз калган сол колу,

Жайыл калмак оңбоду.

Атына камчы салыптыр,

Камчыланам дегенде,

Тизгин менен чылбыры

Колунан түшүп калыптыр.

Аргып бара жатканда

Тизгинге колун салыптыр,

Тушап койгон немедей,

Аты кетип кырданып,

Акылы кетип сурданып,

Аты кетип мүдүрүп,

Өзү кетип сүрүлүп,

Этеги башка түрүлүп

Жыгылып калган Качалык

Кайтадан өөдө туруптур.

Көтөрүлүп турганда,

Артынан жетип эр Көкчө

Көөдөнгө найза уруптур.

Чалкасынан жыгылды,

Чаңга башы тыгылды.

Сол колу менен таянып,

Көтөрүлүп турганы.

Көтөрүлө берерде,

Көкчө кылыч урганы.

Керденге кылыч салыптыр,

Тамдан түшкөн кабактай,

Башы жерде калыптыр.

Атын коштоп алганы,

Айдаркан уулу эр Көкчө

Кошуунду көздөй салганы.

Кошуунга Көкчө барганы,

Калмак жактан айкырып,

Каарданып бакырып,

Укурия дегени

Үч жүз батман күрсү алып,

Тул кара деген аты бар,

Дажаалдайын заты бар,

Жүз кез найза колунда

Майдандын чыкты жолуна.

Эрегишкен эр Көкчө

Мылтык атып өткөнү,

Алыс огу кыркырап

Кошуунуна жеткени.

Эки адамдын төбөсүн

Жарган бойдон кеткени.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.