Яндекс.Метрика

Араниктеги согуш

Чалабын жанга байлашып,

Кырандардын кыйласы,

Кышкы кирген буурадай,

Кычырап тишин кайрашып,

Айкырып найза салышып,

Аркы-терки чабышып,

Адашып кеткен кай бирөө

Нак ошо жерде табышып,

Кайда кеттиң сен дешип,

Кайратты мага бер дешип,

Кансырап барам мен дешип,

Жебенин огу кыркырап,

Чарайнага тийгени

Огу сынып быркырап,

Денесине ок тийсе

Кан төгүлүп шыркырап,

Кылычты - кылыч кесишип,.

Кызылдай жандан кечишип

Кыжылдаган көпчүлүк

Аралашып кетишип,

Ай балта жандан чечишип,

Аманат жандан кечишип,

Айгайлашып эки кол

Аралашып кетишип,

Аламан уруш салыптыр;

Арыстан Манас баатырга

Кеселик келип калыптыр.

Мажусу дин дини бар,

Кытай, калмак эли бар,

Урушууга маш кылган

Кашында сегиз пили бар.

Ата турган мылтыгы

Ал кезекте замбирек,

Арыстан Манас баатырга

Айгай салып бадирек,

Пилдин баары күңгүрөп,

Бир тоо көчкөн эмедей,

Жер бузулуп дүңгүрөп,

Пил баштарын жиберип,

Буудан Манас баатырды

Мурду менен имерип,

Аттан алып салууга

Эгер жерге жыгылса,

Талкалап жанын алууга,

Күңгүрөп пили жеткени,

Баатыр Манас берендин

Баатырлыгы эмей неткени,

Пилдин чабар мурдуна

Кылычты шилтеп кеткени.

Кылды баатыр бул ишти,

Шилтегенде кылычты

Пилдин мурду каарылып,

Так түбүнөн таарылып,

Баатыр кылыч салыптыр.

Мурунунан айрылып,

Мурунку келген тоодой пил

Кошуун көздөй кайрылып,

Кайра качып калыптыр.

Пил үйрөткөн кишиси

Чоюн чокмор алыптыр.

Чокусуна койгулап,

Бура тартып калыптыр.

Тартканына болбоду,

Артында келген Кеселик

Ат-маты менен,пил барып,

Азыр көмө койгону.

Пил үйрөткөн кишини,

Найза менен бир коюп

Бүтүрдү Манас ишини.

Түн ичинде суурса,

Өрт өндөнүп кызарган,

Уруштуу күндө узарган,

Арыстан Манас баатырың

Албарс кылыч алыптыр,

Алты пилди шол жерде

Он эки бөлүп салыптыр.

Мурдунан бир пил айрылып,

Токтобостон кайрылып,

Калааны көздөй бет алып,

Качып жөнөп калыптыр.

Кайрылбас жолго салыптыр.

Келгени сегиз пил эле,

Азыр аман бири эле.

Качты бирөө мурду жок,

Кан Манаска бет алып

Кайрат кылар журту жок.

Алты пилин өлтүрүп,

Айтканына көндүрүп,

Арыстан Манас жүрүптүр,

Айгайлап алып каңгайды

Ары-бери сүрүптүр.

Карыдан колун сөгүлтүп,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.