Яндекс.Метрика

Араниктеги согуш

Айдаркан уулу эр Көкчө

Алыс атып салганы.

Укурия чоң балбан

Октон аман калганы.

Качырышып сайышып,

Тонунун чыкты дал-далы.

Айбалта, кылыч чабышып,

Аянбастан салышып,

Урушуп жүрүп кеч кирип,

Ушул экөө кайтышты,

Көргөн-билген жумушун

Көпчүлүккө айтышты.

Ал экөө тартты көп түлүк,

Аларды көрүп турганда

Айран болду көпчүлүк.

Чыңоол, кароол коюшуп,

Эки журттун баарысы

Чымындай жандан тоюшуп,

А күнү жатып таң атып,

Чатыр тигип саяттап,

Жолду карап танаптап,

Эртесинде шашкеде,

Эр Санамар манжуудан

Эми чыкты шарактап.

Кайнатасы Кошойдун,

Кабарын уксаң ошонун,

Данаңгир деген шаа деген

Далай бенде жеңбеген.

Манас кандын колунан

Мунар чыкты буластап,

Санамардын жолунан.

Санамар аяр киши экен,

Ар качан кылар иши экен.

Колго найза алыптыр,

Коржоңбоз деген атына

Санамар камчы салыптыр.

Жаалданып бу баатыр

Мунар канга. келатыр.

Бура тартар эр эмес,

Мындай иштен Мунаркан

Коркуп калар неме эмес.

Алкүрөң деген күлүккө

Эр Мунар камчы салганы,

Качырышып бир-бирин,

Найза шилтеп калганы.

Эрдемсиген Санамар

Ээрден көчүк кылтайып,

Үзөнгүдөн бут тайып,

Жыгылар жерге жеткени.

Жыгыларда бу жылас

Аярлык кыла кеткени.

Апсун окуп алыптыр,

Жалгыз келген Санамар

Алтоо боло калыптыр.

Алтоон бирдей караса,

Азыр болду каргаша.

Ээрден көчүк кылтайып,

Үзөнгүдөн бут тайып,

Алты болду Санамар,

Аңгемесин каранар.

Кыргыздар көзүн салыптыр,

Баатыр аяр экен деп,

Муңайып айран калыптыр.

Алтоо болуп Санамар,

Ар тараптан Мунарга

Кылычтап кирип калыптыр.

Аярлык кылып жатыр деп,

Кыргыздын аяр эрлери

Жоголгонбу такыр деп,

Эр Бакай айгай салыптыр.

Айтканын угуп алыптыр;

Абакеси эр Бакай

Кошуунду карап калыптыр.

Кошуундун Көйүш аяры

Алиги барган Мунардын

Аркасынан барыптыр.

Көйүш үйлөп дем салып,

Кайраты каркап толуптур,

Ушу барган Мунары

Сексен Мунар болуптур.

Санамар кирди жабылып,

Майдандагы Санамар

Башына кылыч чабылып.

Сексен Мунар токмоктоп,

Санамарды айдап алыптыр.

Кайсыга уруш кыларын

Санамар билбей калыптыр.

Аярдын ишин биле албай

Кой дегенге тил албай,

Көптөсө көзүн оёр деп,

Көптөп кетти олор деп,

Жалгыз барып Санамар,

Арманда өлүм болор деп,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.