Яндекс.Метрика

Араниктеги согуш

Аккелте мылтык чаңырды.

Арыстан эрдин ошондо

Ач кыйкырык жаңырды.

Үнүн угуп шо жерден

Абасы Бакай табылды.

Канжыганы катырып,

Карысын канга матырып,

Койго тийген бөрүдөй,

Жан көзүнө көрүнбөй,

Эр Бакай келип калганы.

Эринбей уруш салганы.

Кайнаган каңгай колу экен

Кошууну арбын мол экен.

Туунун турган жери экен

Туташкан каңгай эл экен.

Арасында каңгайдын

Арыстан Манас, эр Бакай,

Азап тартып бирдалай,

Тон тозулуп электей,

Томуктай болгон кара баш

Жошолоп салган челектей,

Арасында каңгайдын

Аябай уруш салыптыр.

Ал аңгыча караса,

Акбалтанын Чубагы.

Алда канча кол менен

Аралашты бу дагы.

Ордодогу он миң кол

Ошону баштап алыптыр.

Ойрон Сыргак акырып,

Ойбойлотуп жапырып,

Обого чанын сапырып,

Алсырап турган Манаска,

Алар келип калыптыр.

Ал жердеги   каңгайды

Асты-үстүн салыптыр.

Кыйгактуу найза көк түпөк,

Кыр аркага мылгытып,

Кыжылдаган каңгайды

Дайраны көздөй дыргытып,

Кыргылчал жетип барганы.

Кара күрмө жеңи жок,

Кара топу, карыш чок,

Карсылдашып келгенде

Кайратынын эби жок.

Кызыл күрмө жеңи жок,

Кыл такыя, кызыл чок,

Кыйкырып кыргыз киргенде

Кырылышар эби жок.

Кошууну сап-сап бөлүндү,

Адамдын каны төгүлдү.

Туу түбүндө турушкан,

Каңгай турган кошууну

Туш-тушка качып сөгүлдү.

Кеселик сындуу баатыры

Манас менен экөнү

Бир найзаны талашып,

Турбады беле акыры.

Чаныш, Күнөм аяры

Кеселикке барганы.

Кеселиктин жайы жок,

Тирүү чыгар шайы жок,

Найзасын кармап Манастын,

Ары-бери талашкан,

Айбатынан айкөлдүн

Акылынан адашкан.

Аяры аны көрүптүр,

Алсырап каны туруптур.

Чаныш Күнөм аярды

Аныктап арбак уруптур,

Урбаганда неткени,

Апсун окуп дем салып

Арыстан боло кеткени.

Караганы соо болбос,

Качырганы оң болбос,

Кара чаар бир жолборс

Азыр болуп алыптыр.

Алып таштап иймеке

Эр Манаска барыптыр.

Аты менен өзүнө,

Асылып кучак салыптыр.

Атаңдын көрү муну деп,

Аяр экен өзү деп,

Айбалта белден алыптыр,-

Алиги жолборс болгонду

Так төбөдөн салыптыр.

Жолборстун тийди башына,

Кан жабылды кашына.

Кан акты булак суусундай,

Кадимден аяр ушундай.

Кан дарыя көл болду,

Кызыл канга чөмүлттү.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.