Яндекс.Метрика

Манастын колунун Ала-Тоого келиши

Төөсүн айдап топтотуп,

Эсебин кийин алмакка

Ата уулусун жоктотуп,

Кара журт олжо алыптыр.

Кандарга Манас бет алып,

Каптап кирип калыптыр.

Эр Манастын кошунун

Арбындыгын көргөн соң,

Жаалына чыдабай,

Жанындагы Куясты

Жара тартып салыптыр.

Куясты Текес жарганы,

Текес кандын ордого

Эр Манастын көп кошуң

Куюлуп кирип барганы,

Кутуларга жер койбой,

Курчап колу алганы.

Өжөрлөнүп Текес кан

Өзүнө бычак салганы.

Эми Манас кеп айтат,

Кеп айтканда бек айтат:

"Кылыч чаппай, ок атпай,

Кыйынсынып жаа тартпай,

Алдырып салган ким дейсиң?

Албаңар жырык ийнесин!

Не кылабыз калмактын

Эзелден жыйган дүйнөсүн!

Кош-кошко союш алыңар;

Корооңдо калды малыңар.

Байынан союш алсаң да,

Бакырын коюп салыңар.

Дүйнөдөн куруп калгандай,

Кантесиңер баарыңар!?..".

Кабылан айтып акырын,

Колдун четин жапырып,

Арыстан Манас токтотту,

Ата уулунун баарысын

Айдап кел деп, жоктотту.

Коктулардын башына

Кол келгенде кашына,

Колдорун кагып чапкылап,

Чагалалап*, буркурап,

Жан соогалап, чуркурап,

Айылдан чыгып, дүрбөшүп,

Ата-энесин жүр дешип,

Жаштары ыйлайт, чыркырап,

Жайыттагы жылкысы

Жарышып үркөт, дыркырап.

Кабылан Манас жоокерди

Ойдон-тоодон жыйнады;

"Сенин баланчаң кайда кетти?" -

         деп,

Башчыларын кыйнады.

"Каран калган дүйнөнү

Каалабасак кээ кылат,

Калабалуу бул Манас

Каңгайды аяп не кылат?".

Күңкүү сөзүн айтышып,

Ак Ыястын оюна

Кошуун келди кайтышып.

Ошондо да көпчүлүк,

Кара чоктуу ойротко

Бүгүн түштү көп түлүк!

"Кайрып алып берет, - деп, -

Катүгүн, Манас көрөт" - деп,

Капыл-тапыл дүйнөсүн

Катып жүргөн дагы бар.

"Жолобогун, алба, - деп,

Жоонун мүлкү эч качан,

Опо болбойт жанга" - деп,

Айтып жүргөн дагы бар

* * *

Кыраан Манас, жаш бала,

Чегине келди жеринин,

Четине келди элинин.

Токою бар, чери бар,

Тоодон түшкөн жолу бар,

Толкуп жаткан колу бар,

Токтоп турган көлү бар.

Жерине келген баатырдын

Желигишин көрүп ал.

Төрө Манас зор менен,

Таштуу күйгөн жол менен,

Ак асаба туу менен,

Айгайлаган чуу менен,

Көк асаба туу менен,

Көк жаңырган чуу менен,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.