Яндекс.Метрика

Манастын колунун Ала-Тоого келиши

Октой болгон Аймаңбоз

Оңдоп ээр салганы.

Ойду көздөй бет алып,

Оён Манас аттанып,

Жети бугу, үч аркар

Кийик атып алганы.

Мүйүздөрүн байланып,

Улар-Тоону айланып,

Алты гана, Келтелик

Ашып кетип баратат,

Кошуун көрүп, кол көрүп,

Шашып кетип баратат.

Чыйырчыктуу кара адыр

Басып кетип баратат,

Эңкейиштин элигин

Атып кетип баратат.

Тоорулуп тоодон келгени,

Токсон экен мергени.

Жаа тартканын алганы,

Жанында жыйырма беш балбаны,

Алтымыш беш мылтыктуу,-

Жолдоштору мына бу!

Саадак тарткан, жаа тарткан,

Сайышкан жоосун жадаткан,

"Баянды" деген бир жерге

Барды кыргыз бир элге.

Көкөтөйдүн тобу экен,

Көк жал Манас баатырды

Көргөндөрү жок экен.

Үч койчу, бир жылкычы,

Малчыны көрүп алганы.

Малчыны көрүп баатырың

Салам айтып салганы.

Аң-таң болуп шумурай

Арыстанга көзүн салыптыр,

Аттан кулап жыгылып,

"Атаке!" - деп калыптыр.

"Кирпигиң жалын, көзүн чок

Кишиде сендей щумдук жок.

Атам айтып берген, - деп, -

Айбаты сендей деген, - деп, -

Айбатыңды болжоймун,

Алчубу деп ойлоймун.

Перисиңби, дөөсүңбү?

Пенде сендей, болобу?

Бет алышкан оңорбу?

Жолоочу болсоң, жол алгын,

Жортуулчу болсоң, койду алгын.

Сүйлөшпөймүн өзүм, - деп,

Окус өлө жаздадым,

От экен эки көзүң!" - деп,

Манаска айтты бул бала

Ал баланы сооротуп,

Баарысы болду убара.

Эр Манас турган кези экен

Эркелетип баланы..

Бала менен турганда

Асты жакы сеңирден

Айгай чыгып калганы.

"Не балаа болуп кетти" - деп,

Көзүн Манас салыптыр:

Келе жатат бир адам,

Көк жээк найза алыптыр.

Көкөтөйдүн айлына

Кыйтучу деген калмактын

Кошууну бир миң барыптыр.

Алооке буйрук кылган сон,

Атайын чыгып алыптыр.

Манастын тоодо жүргөнүн

Байкабай келип калыптыр.

Жайытта жаткан жылкыга

Добулбас кагып салыптыр.

Добулдун үнү күңгүрөп,

Үркүп жылкы дүнгүрөп

Жабуулашып кыйкырып,

Жабыла калмак кириптир;

Жайнап жаткан жылкынын

Жалпы баарын тийиптир.

Кытай менен калмагы

Бир миң экен барганы.

"Жылкы тийген кимсиң, - деп,

Эр Манас айгай салганы,

Айдаган жылкы жапырып,

Асманга чаңын сапырып,

Кыйтучу деген менмин! — деп,

Кызыкты көрөр жериңе

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.