Яндекс.Метрика

Манастын колунун Ала-Тоого келиши

Кызталак эми келдиң! - деп,

Табылган экен тууганың,

Талаалап жүргөн кыргызга

Ишенип, белиң бууганың!

Чыйырчык кара Чаткалга,

Көрөрмүн сенин турганың!".

Тарсылдатып мылтыгын

Атып жүргөн калмак бар,

Кыркыратып жааларын

Тартып жүргөн калмак бар.

Бар кайраты толгонсуп,

Баатыр өзү болгонсуп,

Кыйкырып жылкы тийиптир.

Көрө сала эр Манас

Кыр алды чаап кириптир.

Жылкычы, койчу баарысы

Жылкысынан айрылып,

Жыла алышпай калыптыр.

Манасты билбей калмак деп,

Кыргыздар карап туруптур.

Катыларга катылбай,

Калмакты кудай уруптур.

Урбаганда неткени, -

Кабылан Манас жеткени.

Найза менен койгондо

Тебетейдин ордуна,

Кыйтучу тегеренип кеткени.

Кыйгактуу найза майлады,

Кыйтучуну жайлады.

Эр Манастын жолдошу,

Токсон экен мергени,

Тополоң кылып келгени.

Калмак качып, сыйлыгып,

Дүргүп кетип баратыр,

Аты жүрбөй кыйласы

Мүргүп кетип баратыр.

Астынан Манас чыкканда

Кайра качып жылкысы,

Үркүп кетип баратыр.

Кыргактуу найза көк түпөк

Кыр аркага мылгытып,

Малып кетип баратыр.

Кызыл кыргын калмакка

Салып кетип баратыр.

Эли кайсы биле албай,

Эрегишип туралбай,

Жоосу кайсы биле албай,

Жолдош болуп кире албай,

Казагы калды каңкайып,

Кыргызы калды аңкайып.

Жылкы тийген калмактар

Жыгылып жатыр даңкайып.

Жарадары андан көп,

Тура албай жатат тамтайып.

Жылкы алуучу калмактар

Куруп кетип баратыр,

Ар жылгага ат башын

Буруп кетип баратыр.

Бирин кармап, бирине

Өткүр Манас кек жалың,

Уруп кетип баратыр.

Этектерин башына

Түрүп кетип баратыр.

Түштүк жакка бет алып,

Сүрүп кетип баратыр.

Ителги тийген эмедей

Айдап кетип баратыр.

Он чактыдан аттарды,

Орой чалып чылбырын,

Байлап кетип баратыр.

Манастын токсон жолдошу

Жайлап кетип баратыр.

Аркасынан ат коюп,

Ат койсо да бат коюп,

Куралып атка минишип,

Кужулдап жолго киришип,

Кайраттанды кыргыздар,

Кол сала келген калмактар

Кантерин билбей болду дал.

Бир-биринен кеп сурап:

"Билдиңерби акелер?

Айдаган – калмак айырган,

Ким болду жылкың кайырган?

Жерден чыга калгандай,

Жер дүйнөгө кол толсо,

Жеке сайып алгандай,

Суудан чыга калгандай,

Суру катуу ар кандай.

Аймаңбоз тулпар астында,

Топтошкон киши кашында,

Кайдан келип турган жан

Чыйырчыктын башында?

Жаңыдан келген тууганбы?

Алооке колу келет деп,

Аңдып келип турганбы?

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.