Яндекс.Метрика

Манастын колунун Ала-Тоого келиши

Катылбастан эр Бакай

Кайра жолго салганы.

Арыстан Манас баатырга

Айтып кабар калганы:

"Аткан болсо, аткандай,

Мыктысып мылтык аткан жан

Бир балаага баткандай.

Сайган болсо, сайгандай,

Өнөр экен ар кандай.

Чапкан болсо, чапкандай,

Турат экен жазганбай.

Күрөшсө, күрөш кылгандай,

Акылын мунун таппасак,

Колду бөөдө кыргандай.

Азыр мындан кайталы,

Акылмандар кыйла бар,

Аларга барып айталы".

Муну уккан соң эр Манас

Бакайына кеп айтат,

Ачууланып бек айтат:

"Не дейсиң аба? - деп айтат.

Бекерге карап турбаска,

Бет алды жоодон бурбаска,

Айтып койгон сөзүм бар,

Ант кылып койгон өзүм бар.

Ушул жерде турайын,

Жоодон качкан немедей

Эми жүзүмдү кантип бурайын!".

Манас айта салганы,

Колду көздөй эр Бакай

Кайра тартып калганы.

Карап туруп кабылан

Кайраты боюн кармады,

Аккелте мылтык алганы,

Акыл кыла салганы.

"Арасы алыс, кыйла бар,

Аккелте огу жетер деп,

Ок чыгарбай кетишип,

Ойлоп турсам бекер -деп,

Аккелте менен бир койду,

Алиги турган көп кошуун

Баары да мылтык күр койду,

Мылтыктын үнү күркүрөп,

Шашкелик жаткан калың кол,

Тула бою дүркүрөп,

"Жер оюлуп кеттиби?

Же болбосо, капырай,

Бир учкан тоо жеттиби?

Жер дүңгүрөп калды, - деп,

Жеке Манас барды эле,

Не шумдук кыла салды?" - деп,

Абыр-шабыр ат минип,

Ат минсе да бат минип,

Кошуун жолго салыптыр.

Сары сеңир уурчуктан,

Ач кайкалаң бурчуктан

Бакай чыга калыптыр;

Көрмөк болуп Манасты

Көңкү кол жетип барыптыр.

Көп кол мылтык аткандан

Көк жал Манас баатырдын

Көзү көрбөй калыптыр.

"Эрдигиң бар, эсиң жок,

Эчтеме менен ишиң жок,

Кагылайын каралдым,

Карап турган черүүгө

Кайрат кылар кезиң жок.

Бул адам эмес, сээр экен,

Сээр да болсо түгөнсүн,

Адам жүрбөс жер экен.

Карап туруп кабыланым,

Суу карек болуп калганың,

Как өзүңө эп экен!.

Ачууланып эр Бакай,

Айгайлады бир далай.

Моюн салып кылкыйып,

Арыстан Манас аш бышым

Жерге карап шылкыйып:

"Айтсаң ушул сөз, - деди,

Айласын кылчы абаке,

Деги ачылар бекен көз?" - деди.

Жанында экен Бозуул,

Бозуулду "Чап!" - деди.

"Кайдан-жайдан болсо да

Даригерди тап! - деди.

Аттан балам, сен, - деди.

Аш бышымга жеткирбей

Дарыгер алып кел!" - деди.

Бакай тиктеп калганы,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.