Яндекс.Метрика

Манастын колунун Ала-Тоого келиши

Кайнаган кошуун каптаса,

Ошондо калкым нетесиң?

Же жер алдында жатпасаң,

Малың менен башыңдын

Баарын жерге катпасаң,

Мынча черүү коёбу,

Же асманга чыга качпасаң!".

Түрү кетип сүйлөнүп,

Аймаңбоз менен күүлөнүп,

Бармак болуп калганы,

Бастырып жолго салганы.

Абасы Бакай кеп айтат,

"Ай, токтогун! - деп айтат.

Кароолду мен бир карайын,

Төбөмдү алар көргөндө,

Качкан болуп калайын.

Кууган болсо мени деп,

Мен кармайын сени деп,

Тосуп уруш саларсың,

Тос-тос кылып баарысын,

Мени ажыратып аларсың".

Аны айтып эр Бакай

Быйыл отуз жашында,

Дөөлөт кушу башында;

Жаракты белге чалынып,

Жаратканга жалынып,

Алма баш мылтык жонунда,

Ботосун салган моюнга;

Саадакты белге байланып,

Абакеңиз жөнөдү,

Сары-Учуктан айланып.

Моюнду деген бел менен,

Боз-Талаа, Кубаң жер менен,

Жердин түбү желпинип,

Желпиниште туулган,

Ойротко салган чуулган,

Кабары көпкө угулган,

Калмакка салган чуулган,

Кабылан Бакай барыптыр.

Кууганы болсо саям деп,

Куп ажалын табам деп,

Арт жагында чуңкурда

Көк жал Манас калыптыр.

Көк чолок атты чуратып,

Артынан чаңын буратып,

Колго жакын жеткени,

Абакеңиз Бакайдын

Акылы эмей неткени.

"Көрүп мени турду,- деп,

Көптү кудай урду,- деп,

Кандай мени качырбайт?

Бул өзү амал жумуш болбосун?

Бир арып кылып койбосун?".

Аны ойлонуп шер Бакай,

Жарым бута жаш какын

Жанына барып туруптур.

Качырсам деп кыялы,

Кабыланың найза сунуптур.

Жайнап турган көп черүү

Жалпы найза сундурду,-

Мындай шумдук ким кылды?

"Кантесиңер силер?!" - деп,

Кайран Бакай акырды,

Алиги турган көп черүү

Андан бетер бакырды.

Тундурду кулак айгайы,

Аттан кулап түшүүгө

Аз жеринен калганы.

Атсамбы деп бирөөнү,

Бакай колуна мылтык алганы.

Жалпы мылтык сундуруп,

Калмактар кесеп калыптыр.

Кантер экен дагы деп,

Абаңыз кылыч алыптыр.

Карап турган көп черүү

Кылыч алат, кыңк этпейт.

Кыйкырбаса эр Бакай,

Унчугуп бирөө былк этпейт.

Аста-асталап эр Бакай,

Ар кандай сөздү сүйлөдү.

Эмнени айтса, ошону айтып,

Алигилер үндөдү.

Абаң Бакай билди эми,

Амал экен бул иш деп,

Арсаң-арсаң күлдү эми.

Кол да күлүп калганы,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.