Яндекс.Метрика

Баатырдын торолушу

Эчен ай, эчен күн болуп,

Толгоо жаңы киргени

Бейшембинин түн болуп.

Ак боздон бээ союлду,

Алтындан бакан коюлду,

Барган сайын байбиче

Айгайын салып чоюлду.

Коңшунун баары жыйылды,

Козголгон сайын байбиче

Кокуюн айтып ыйынды.

Бала төрөр бекен деп,

Жакыпта жүрөк дегдеди.

Бала койсо чиренип,

Байбиче бою тердеди.

Бала туйлап кеткенде

Байбиче көзү сүзүлдү,

Белдемчинин жакасы

Беш жеринен үзүлдү.

Алып келип эр Жакып

Аксарбашыл кой чалды,

Ай туякка бээ чалды,

Ай мүйүзгө уй чалды,

Айры өркөчкө төө чалды.

Анткен сайын байбиче,

Айгайын басып, үн салды:

"Менин жанымды жечү балабы?

Же жарып ичтен алабы?

Бу башымды жечү балабы?

Бай Жакып жесир калабы?".

Баканды кармап бакырды,

Бакшы менен бүбүдөн

Немесин койбой чакырды.

Түндүктү карап түйүлдү,

Көргөндөр жандан түңүлдү.

Алты күн тартты толгоону,

Айлы чарчап болгону;

Жети күн тартты толгоону,

Жергеси чарчап болгону.

Эми байбичең төрөйт дегенде

Бай Жакып ыйлап каңгырап,

Бакырып турду заңгырап:

Баласы жоктон жүдөдүм.

Эркек деп бирөө жүгүрсө,

Жарылып кетер жүрөгүм.

Ботосу жоктон майышып,

Боздоп турдум кайышып.

Сүйүнчү десе бир адам,

Туралбасмын кайышып.

Айылга туруп нетейин,

Адырга чыгып кетейин.

Токтолуп туруп нетейин,

Тоого чыгып кетейин!

Жыгылсам да, талсам да,

Же кайрат кылып калсам да,

Элге шылдың болбостон,

Ээн жакка барайын.

Алыстан айыл карайын,

Айткандан кабар алайын".

Ошону айтып абаңыз,

Кыл аркан керме шайлатты,

Кырк кара боз быштыны

Кыдырата байлатты.

"Эркек болсо, эр болсо,

Кыз болбосун, не болсо!

Кыз болсо үйдө калыңар,

Кыймылдаба баарыңар.

Эркек болсо чабыңар,

Талаадан мени табыңар.

Эркекпи деп, кызбы деп,

Аныктап алып чабыңар.

Адырдан мени табыңар".

Эми Жакып жолго салыптыр,

Жорго боз айгыр үйүрү

Жолунан чыгып калыптыр.

Кара жалдуу Кула бээ

Кайкалактап алыптыр.

"Кайдан келди булар, — деп,

Кап ушу бүгүн тубар? — деп,

Эркек болсо кулуну,

Энчилейин балама,

Эгем таала кудурет

Жеткирер бекен санаама!

Жорго боз атын жоёюн,

Катыным тууса эркекти,

Мындан кийин айгырын

"Камбарбоз" деп коёюн".

Ушуну айтып бай Жакып,

Атынан түшүп алганы.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.