Яндекс.Метрика

Баатырдын торолушу

Ат кулактуу шабырда,

Кара суунун четинде,

Көк өтөктүн бетинде,

Минген атын суудуруп,

Кара жалдуу Кулабээ,

Бир аксур кулун туудуруп,

Жаткан экен эр Жакып.

Шыйрагын оңдоп шыпырып,

Тумшугун сыгып, телчитип,

Энесине ээрчитип,

Баскан экен эр Жакып.

Кирип барды Акбалта

Көкчолокту зуулатып.

Жан жагында киши жок,

Акбалта жетип айкырды,

"Сүйүнчү!" - деп бакырды.

Кубангандан эр Жакып,

"Не дейсиң?" - деп чакырды.

Анда Акбалта муну айтат:

"Айтканымды туюнчу

Арыстаным Жакып, сүйүнчү!

Дегенимди туюнчу,

Дегдеген Жакып, сүйүнчү!

Карыганда байбиче

Кабылан тапты, сүйүнчү!

Жобогондо байбиче

Жолборс тапты, сүйүнчү!

Жоголордо байбиче

Жолдош тапты, сүйүнчү!

Эриккенде байбиче

Эрмек тапты, сүйүнчү

Кайгырганда байбиче

Каралды тапты, сүйүнчү!".

Акбалта айгай салыптыр.

Айгайды Жакып уккан соң,

Акылынан таныптыр.

Көздүн жашы он талаа,

"Көрдүмбү,- деди, бир бала?

Тууганына сүйүнбөй,

Турарын тилейм кудайдан.

Муңканган бойдон өтөм,- деп,

Ойлодум эле бу жайдан".

Акбалта айтса жайма-жай,

Шалак этип жыгылды,

Талып калды Жакып бай.

Акбалта келип кашына

Кыйкырса, Жакып кыңк этпейт,

Кыймылдатса, былк этпейт.

Акбалта чоочуп калганы,

Ак калпак колго алганы,

Байпая басып атайы,

Аккан сууга барганы.

Басып келип Акбалта

Талып калган Жакыптын

Көөдөсүнө бүрккөнү,

Көтөрүп башын эр Жакып,

Суудан бою үрккөнү.

Сурады Жакып Балтадан:

"Акбалта чалым неттиң, - деп,

Сен кай жактан жеттиң? - деп,

Суу бүрктүң менин өзүмө,

Эч-эчтеке көрүнбөйт

Караган менен көзүмө.

Өзүң келдиң кай жактан?

Өзөгүм өрттөй күйүптүр,

Сен сүйлөсөң экен деп,

Кулагым кепти сүйүптүр.

Кайдан келдиң Балта чал?

Кебиң болсо айта сал".

"Айтпадымбы сага - деп,

Эркек тууду катының,

Не бересиң мага?" - деп,

Акбалта айтып салганы.

"Анык бекен, чынбы? - деп,

Айта көр Балтам чынды - деп,

Эркек бекен перзентим,

Көзүң көрүп чыктыңбы?

Же карап анык көрө албай,

Катындардан уктуңбу?

Кайтып айтчы чалым* - деп,

Жакып сурайт дагы кеп.

Акбалта сөзүн баштады,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.