Яндекс.Метрика

Баатырдын торолушу

Жылкыга көзүн салганы;

Жылкынын баары чубашып,

Жылгага кирип калганы.

Азганакай жабырга*,

Аткулактуу шабырга

Асты барып токтолду,

Аркы-терки оттоду.

Туруп жатып Кула бээ,

Тууй турган окшоду...

*  *  *

Аны таштап салыңар,

Байбичеси Чыйырдын

Баянын угуп алыңар.

Толгоосу сегиз күн болгон,

Толготкон мындай ким болгон?

Тарткандардын баарысы

Талыкшып колу ныл болгон.

Эми он эки катын бек тартты;

"Бере көр, кудай!"—деп айтты.

Каканак суусу шар этти,

Баланын үнү бар этти.

Карынды катуу сүзгөнү,—

Бала жерге түшкөнү.

Бала жерде туйлады,

"Бар-ар!" этип ыйлады.

"Эркек бекен, кыз бекен?

Мага качан айтат?"—деп,

Энеси жашын тыйбады.

Көшүп көзү илинди,

Көрө салган катынга

Баланын эркектиги билинди.

Чороюп турду чочогу,

"Эркек! Эркек!" - дешкенде,

Жыгылып кетти Чыйырды,

Уккан кезде ошону.

"Энекеси нетти? - деп,

Мартуу* басып кетти"— деп,

Катындын баары чочуду,

Кайта башын көтөрүп,

Чыйырды бой токтотуп отурду.

"Антаңдабай катындар,

Жерден алгын тез,- деди,

Акбалтанын зайыбы

Киндигин өзүң кес" - деди.

Киндигин кести баланын,

Эмкисин байкап карагын.

Оромолун колго алып,

Ороюн деди баланы;

Ороп жатса, ал бала

Оң колун сууруп алганы.

"Колун сууруп кетти, - деп, 

Татай көтөк* нетти, - деп,

Так кырктагы кишидей

Тартып бутун өттү,-деп,

Карап турбай катындар,

Кармалашсаң нетти!"-деп,

Айтып калды Канымжан.

"Кандай сөзүң жаман,- деп,

Кармоого карууң келбесе,

Сен качып кутул аман!"-деп,

Бакырып жаткан баланы

Бакдөөлөт жерден алганы.

Он бештеги баладай

Көтөргөндө салмагы.

Көзү каткан Бакдөөлөт

Көтөрүп өөп алганы.

Оозантмакка баланы

Оозуна эмчек салганы.

Өзөгүн үзө бир соруп,

Өлө жазып калганы.

"Сандык толо май,- деди,

Салгын кошо бал,- деди.

Эки-үч карын май алып,

Эми оозуна сал*-деди.

Үч карын май алганы,

Үч кайтара салганы.

Үч карындын майларын

Аш бышымда жалмады

Астына алып Чыйырды

Оң эмчегин салганы.

Оболкусу сүт чыкты,

Экинчиси суу чыкты,

Үчүнчүсү кан чыкты;

Чыдай албай, байбичеден жан

    чыкты!

Чыгарып алды эмчекти,

Бермек болду Чыйырды

Сегиз бээ союп жентекти.

Эми, аны таштап салыңар,

Жакыптан кабар алыңар.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.