О
Обо - аба, асман, көк,
Обурак - барк, даңк, бедел.
Ойрот - 1) элдин аты; 2) көп эл, кепчүлүк; 3) кыргыздар өзүнөн башка элдерди да ойрот деп атай беришкен.
Окоро түйгөн - чылбыр, тизгиндин өрүлүшүнүн бир түрү.
Олорду - аларды, ошолорду.
Опо - туруктуулук, убадага бектик; пайда.
Опол-Тоо - Кашкар тараптагы бир тоо.
Ордо - 1) кандын үйү; 2) оюндун бир түрү.
Ордолуу журт - тукум-жураттуу журт туруктуу журт.
Орошон - баарына белгилүү, маалым.
Осол - жаман, орой, одоно.
Отогот таш - монгол, калмактардын бөркүнө сайынган ташы.
Отоо - жаңыдан келген келинге тигилип берилүүчү үй, өргө.
Отоо оюнчук - ойлонбой иштелген нш.
Оторчу - айылдан бөлүнүп, мал багуу үчүн көчүп жүргөн малчы.