Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушу
Ажыбай жоруп басылды,
Аркасынан токтолбой,
Арыстандын оозу ачылды
Аттаналы, чоролор,
Сары-Өзөнгө баралы,
Жолуңдан чыгар шер болсо,
Жолдон тосуп алалы".
* * *
Кырк чоронун баарысы,
Кыргыл баштап карысы,
Абыр-дабыр ат минип,
Аялдабай бат минип,
Сары-Өзөн көздөй бет алып,
Келген экен жол чалып,
Таң саргарып калганда,
Арыстаның Манас айкөлүң
Дүрбүнү колго алыптыр,
Сары-Өзөндүн талааны
Созулуп карап алыптыр.
Күн батышты алып маңдайга,
Тили кургап таңдайда,
Чыканак жерге салбастан,
Чырм этип уйку албастан,
Ат керт этип чөп жебей,
Эр кылт этип суу ичпей,
Жолдо Алмамбет бел чечпей,
Эрди чырта кесилип,
Ачкадан боору эзилип,
Айнектей көзү сүзүлүп,
Не келет - билбейт бетине,
Өлүмдү алган нээтине.
"Болгон карып экен - деп,
Болжосом, боор бурар жок,
Жатып калсам алсырап,
Кандай жаткан жансың - деп,
Жай-күйүмү сурар жок.
Аркамдан издер ага жок,
Алдадан бөлөк маана жок,
Тек жайын айтып телмирип,
Артымда калган бала жок.
Издеп келер иним жок,
Ит ордуна мен өлсөм,
Ичи ачыр менде бир жан жок.
Таянарга тага жок,
Тагдырыңа даба жок.
Калкынан азган каранмын,
Каңгырап кайда барамын.
Мээнетин тартып келатам
Мобул, мелтилдеп жаткан
талаанын.
Өлүм жетип өзүмө
Кара башыл пендеден
Калк көрүнбөй көзүмө,
Ат арыктап, жал калбай,
Аяк серпер эл калбай,
Кыркырак кирсе өзүмө,
Кымындай сууну тамызып,
Кылчаяр жок өзүмө.
Башымды жөлөр паана жок,
Баркымды билер даана жок.
Кейип угар пенде жок
Керээз айткан сөзүмдү,
Кериде калып жасатым*,
Кузгун чукур көзүмдү
Карга жарып кардымды,
Кара жолдо сандалып,
Кайгылуу күндө калдымбы?".
Жол сурарга жоро жок,
Калк сурарга кара жок,
Бел сурарга пенде жок,
Айыл сурар адам жок,
Чөл талаада зарыгып,
Көңүлү түшүп түштүккө,
Жолго кирип желигип,
Таңдайы кургап, тил катып,
Күндөп-түндөп жол тартып,
Өрдөш кара коо көрүп,
Күн жаткан Ала-Тоо көрүп,