Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Алдынан чыкса, канча бий,

Ат бастырып жүрбөдү,

Айнытмалуу куу сөздөр

Кулагына кирбеди.

Ата уулулуу акимдер

Айтканын көзгө илбеди,

Орою катуу Көкчөнүн

Ойлогону Алмамбет,

Каары келген Көкчөнүн

Караганы Алмамбет,

Кайда болду арыстан - деп,

Самаганы Алмамбет.

Буудайбек арак сунду эле,

Бурулуп карап койгон жок.

Бузуп, жарган бийлерге

Мурдакыдай болгон жок.

Күлүктөн тандап минди эми,

Күүлөнүп жолго кирди эми.

Көркөм күлүк Көкала

Коштоого алып жүрдү эми.

Көрө албаган көөсөрлөр

Кылганын Көкчө билди эми.

Сары-Арка жолун чалганы,

Закымдап алыс барганы.

Кай кеткени билинбейт, -

Кабыланды көрө албады.

Кошо жүргөн Козубай

Көкчөгө айтат мамындай:

"Эр Алмамбет айлыңдан

Кеткени эки күн болсо,

Артынан барган бир жан жок.

Айлың сенин тим болсо,

Күйүткө башы баткандыр,

Күткөндөн көзү каткандыр.

Келбесе бир жаа саламга

Кетер жолун тапкандыр!".

Козубай мындай деген соң,

Көкчөнүн күчөп арманы

"Кылмак элең бийлер" - деп,

Бастыра албай калганы.

Кайра тартты үйүнө,

Жүрө-жүрө каңгырып,

Шумпайлардын айынан

Шумкарын колдон алдырып,

Кайран эрден айрылып,

Кара журттун баарысы

Алмамбет үчүн кайгырып...

Аны таштай коюңуз,

Арыстан Алмаң не болду

Кабарынан болуңуз.

Арактан масы тарар-деп,

Агам Көкчө карар - деп,

Эркечтен укса дайынын,

Эртелеп келип калар - деп,

Шашкелик жолго шалкайып,

Кылжейрен менен даңкайып,

Күйүп жатты бир жерге,

Жол урунту "бир белге.

Ал күнү жатты, таң атты,

Жолду карай көз катты.

Үмүтү калбай кыйылды,

Эки күн талаа жол сактап,

Баатыр Алмаң не кылды?

"Элимден эбак аздым, - деп, -

Эр Көкчөнүн элине

Не бейлимден жаздым, - деп, -

Көкчө кыйбайт - деп жүрдүм,

Көк ышкын терип жеп жүрдүм,

Артымды карап көп жүрдүм.

Ат откорсо жай алган

Аркардын оту бөксөнүн,

Аркасын эч бир көрбөдүм

Айдаркан уулу Көкчөнүн.

Айланган менен айла жок,

Алыскы жолду көздөйүн.

Суу жетпестен куураган,

Шамал тийсе - жел согуп,

Жалбырак учпай турбаган,

Мен болупмун байтерек.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.