Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу
Башынан кетсе жаздыгы,
Аркамдан киши чабар – деп,
Алыстан кайдан табар – деп?
Акылына келген соң,
Акеркеч айтар кабар – деп?
Артыңдан келген кишилер
Бул жерден таап алар - деп,
Атын тушап откоруп,
Алмамбет жатты токтолуп.
Арадан эки күн өтүп,
Арактын масы тараптыр.
Айдаркан уулу эр Көкчө
Жан-жагына караптыр.
Карыны ачып кайышып,
Калыптыр Көкчө майышып.
Буудайбегин көздөдү,
Муну Көкчө сөздөдү:
"Тамагың барбы катын? - деп, -
Таба көргүн акыр - деп, -
Адам болбой калыпмын
Ушу бүгүн такыр" - деп.
Аш-тамагын койгон соң,
Айтып турду эр Көкчө:
"Алмамбетти чакыр! - деп.
"Арак ичпейт ал, - деди, -
Алмамбетке ылайык
Жая менен жал,-деди, -
Шекер менен бал", - деди.
"Азыр ылдам чакырып,
Алып келип кал!" - деди.
Жоголгон менен иши жок,
Үч-төрт айтты эр Көкчө,
Жообун айткан киши жок.
Асмөнкө деген бий экен,
Алмамбетти жектеген
Алтымыштын бири экен.
Козубай деген бар экен,
Көкчөгө короолош жүргөн жан
экен.
Аңгемеси ушундай
Асмөнкө айтты сөзүн жай:
"Мастыктан баатыр билбейсиз
Кулуңдун айткан кеп-сөзүн,
Кулагыңа илбейсиз,
Акылы кеткен аз эмес,
Алмамбет далай сөз айтты,
Арак ичкен мас эмес.
Жин даарыган бакшы эмес,
Алмаңдын кечээки сөзү жакшы
эмес.
Акеркечиң алам деп,
Жайы келсе, Көкчөнү
Сапсалгалап* салам - деп,
Көкала атты минем -деп,
Көпкөн экен, эр Көкчө,
Мурунуңду тилем - деп,
Өткөрбөй жалгыз сөзүңдү,
Мас болгон сага теңелип,
Өлтүрмөк эле өзүңдү.
Калкы карап турбайбы,
Канын ага өлтүртсө,
Казакты кудай урбайбы!
Арага түшө калганбыз,
Ал калмактын колунан
Айрып каным алганбыз.
Айылга турбай жогол - деп,
Айдап жолго салганбыз.