Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу
Айтып кетсең экен -деп,
Кадаланып сурадым.
Урматың үчүн улайын,
Уккан, көргөн эл болсо,
Кабарың алып турайын".
Анда Алмамбет кеп айтат:
"Аяш, мен терек көрсөм,
конормун,
Тербелбестен көтөрсө,
Ошого жолдош болормун,
Кайыңды көрсөм конормун,
Кайышпай кайың көтөрсө,
Как ошо жерде болормун.
Не түшсө башка көрөрмүн,
Аяш, ажалым жетсе өлөрмүн".
Так ошондо Акеркеч,
Кара жашы төгүлүп,
Кайышып көңүл бөлүнүп,
Кабыргасы сөгүлүп:
"Аяш, андай болсо мен да айтам,
Ашкере күнөө кылсаң да,
Ардыкпай турган эрди айтам.
Көөнүң калса Көкчөдөн,
Жетпей кайтпа Таласка,
Кайрылбай асты өтпөгүн
Кара көк жал Манаска!".
"Көкчөдөн көргөн күнүм бул,
Көсөмгө кантип барамын?
Өлөңдүү жерге өрт койгон,
Көсөлгө кантип барамын?
Биринен качып, бирине
Нарынан качып, пилине
Барган менен нетейин,
Башымды алып кутулуп,
Башка бар жакка кетейин".
Анда Акеркеч муңайып,
Наалып турду буралып:
"Ак жибектен тор жайдым
Абада туйгун кушума,
Эки сөзгө көнбөсөң,
Тапшырам, аяш, тузума.
Баш койдум, аяш, сен үчүн,
Манаска барып тийип өт;
Башканы коюп мен үчүн
Насыятым тыңдап өт,
Азат боюң чыңдап өт.
Арыстан Манас баатырды
Аз имерип сындап өт".
"Тийсе тийип өтөм" – деп,
Айтканын кабыл алыптыр.
Акеркеч менен коштошуп,
Алмамбет жолго салыптыр.
Бастырганда Кылжейрен
Маралдай башы маңкайып,
Шамдай кулак шаңкайып,
Келишкен сонун мал экен
Кең соорусу даңкайып.
Алмабаш мылтык жонунда,
Ак найзасы колунда,
Албарс кылыч белннде,
Ажалы жетип күн бүтөт
Алда кимдин жеринде?
Шашкелик жерге бурулуп,
Жаңгактуу жерге урунуп,
Жакшылык күтпөй өзгөдөн,
Дале үмүтүн үзбөй Көкчөдөн,
Мастыктын кылган иши - деп,
Кайрылып келер эси - деп,
Тараган соң мастыгы
Мага кылган кастыгы,
Масы тараса, койбойбу