Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Жыгачка урса, таш жарган

Сууруп алды кылычын

(Карагын эрдин кылышын!).

Кашына келген бир жан жок,

Кармай турган тир жан жок.

Тушуна келер бир жан жок,

Тута турган тир жан жок.

Ошондо Алмаң ойлонот,

Оюнда баатыр толгонот:

"Өлөңдүү жерди өрттөбөй,

Өзүм жүрүп кетейин,

Кагыраган бийлердин

Канын жүктөп нетейин".

Эч бирөөнү карабай,

Эшикке чыкты эр Көк жал,

Ата уулулар кол салбай,

Алдырашып калыптыр.

Карап алып бир бирин,

Жалдырашып калыптыр.

Ачуусу менен Кылжейрен

Атка минип алганы,     

"Эми кайда барам? - деп

Алмамбет ойлоп калганы.

Дарайы көйнөк шоодурап,

Акеркеч басып барганы.

Акеркеч наалып кеп айтат,

Аттаныпсың деп айтып:

"Аталуу бала урушат,

Агалуу ини жулушат.

Анткени менен кетеби,

Айланышып турушат.

Не түрдүү жумуш болсо да,

Эртеси өңүн көрүшөт,

Өлүп калса бир бирин,

Өкүрүп, ыйлап көмүшөт.

Кылчайбай атка минипсиз,

Келбес бекен эбиңиз

Бир сапаркы ачууну

Минтпей мага бериңиз!

Кастыктан Көкчө мас болгон,

Жаманга сени кыя албас,

"Жаракылар оңбо!" - деп,

Жашын көздөн тыя албас,

Баатырым сени ойлосо,

Бугу ичине сыя албас.

"Бузукулар оңбо!" - деп

Муңданып Көкчө тыйылбас".

Акеркеч тосуп, муну айтты, -

Алмамбетти муңайтты.

Албарс тийген боюна,

Арыстан Алмаң баатырдын

Ар нерсе түшүп оюна,

Кылыч тийген кырына,

Бектердин кылган чырына,

Көзүн жаштап Алмамбет,

Көкчөнүн кылган сырына,

Акеркечке эми айтат

"Аяшым, уккун!" - деп айтат

"Чачылган соң кура албайм,

Шаттыкка көңүл бура албайм.

Так Сулайман кылса да,

Көкчөгө карап тура албайм!

Толгонуп жоктур өнүмүм,

Токтолсом, болор өлүмүм.

Кайтадан болбос өнүмүм,

Кайрылсам, болор өлүмүм!".

Бурулбасы билинип,

Акеркечтин көзүнө

Муңканып араң илинип,

Кетмекчи болгон Алмаңа

Акеркеч наалып айтат кеп:

"Жарашып калган жериң жок

Жакшы айтышкан эриң жож,

Жалгыз кетүү эбиң жок,

Жээниң да жок, тайың жок,

Жердеп турар жайың жок.

Бөлөктү койдум, бөлө жок,

Эңкейип кетсең, жөлөк жок.

Кайрылар жок тууганың,

Кайда болот турагың?

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.