Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушу
Бир күнү Манас түш көрөт,
Түшүндө сонун иш көрөт.
Айталаада келатып,
Ач албарс кылыч тааптыр,
Ары-бери ойнотуп,
Үйдөй болгон кара таш,
Кара ташты чааптыр;
Балтыркан чапкан эмедей
Кара таш кетти бөлүнүп,
Калдыраган боюнча
Коктуну кирди жемирип.
Берен Манас кылычты
Белине бекем чалыптыр,
Бир оокамда караса,
Кылыч арыстан болуп калыптыр.
Күн чыгыш көздөй камынды,
Күркүрөп арыстан чамынды.
Жолборстор тутту буйругун,
Баары келди баш ийип,
Чатына кыпчып куйругун.
Арыстанды көрсөң акыры,
Ажыдаар болуп кубулду.
Жакындап келген адамдын .
Жүрөгү оозго тыгылды.
Ажыдаар жүрдү аркырап,
Оп тартканда демине
Таш учуруп туш-туштан,
Кара шамал заркырап.
Ажыдаар кубулуп,
Асманга буудайык болуп учуптур;
Абалап бийик сызыптыр.
Асмандан келип буудайык,
Колуна кайта конуптур,
Манастын көөнү толуптур.
Уйкудан Манас ойгонуп,
Оң жагына толгонуп,
Кабагы күндөй ачылып,
Чоролорду чакырып,
Ак-боз бээден алдырып,
Айтуягын чалдырып,
Аргын, ногой карысын,
Ата уулунун баарысын
Ак ордого толтуруп,
Тамакты берди болтуруп.
Эми Манас кеп баштап,
"Калайык, уккун!" - деп баштап
Көргөн түшүн калтырбай,
Терип айтып баатырың,
Көңүлү балкып көбүнө,
Эрип айгып баатырың,
"Жору, - дейт,ушул түшүмдү
Оңдосун, журтум, ишиңди".
Олтургандар баарысы,
Жашы менен карысы,
Жалгыз сөз кирбей оозуна
Жалдырашып калышты.
Бирин-бири тиктешип,
Алдырашып калышты.
Бир оокамда козголуп,
Кеп баштады жайма-жай
Кой оозунан чөп албас
Коңур чечен Ажыбай:
"Мен жоруюн тушүңдү,
Оңдоптур кудай ишиңди;
Колуңа берген турбайбы
Күтүп жүргөн кишиңди.
Уктум эле уламыш,
Артын байкап турабыз.
Эсен канга бербейм - деп,
Эл талашкан Алмамбет,
Эңсеңди такыр кесем - деп,
Жер талашкан Алмамбет,
Көкчөгө келип турду деп,
Айдаркандын өзүнө
Абдан моюн сунду - деп,
Келгендерден кеп угуп,
Көргөндөрдөн көп угуп,
Кандым эле сөзүнө;
Көрбөсөм да Алмандын
Тойдум эле өзүнө
Асмандан мунар жошулат,
Арыстаным сенин өзүңө
Эми Алмамбет келип кошулат.
Түшүң жакшы түш экен,
Ордунан келген иш экен".