Манастын Аккуланы буудайга алмашып алышы
Баатыр таң калып мойнун
бурду эле,
Тамаша ушул болду деп,
Адырайып турду эле,
Абышка айтат бир сөздү,
Акылга салат бул сөздү:
"О, балам, Манас, кебимди ук!
Шер экениң билгемин,
Алтайдан бери көчкөндө
Кезиксем деп жүргөмүн.
Орток аштык салыштык,
Алты ай, жети ай болгуча,
Жолдош болуп калыштык.
Мындан ары Манасым
Казына мүлкүң мол болсун,
Касташкан жооң кем болсун,
Он эки мүчөң тең болсун!
Ак буудай наның чайнаштык,
Жайды бирге жайлаштык,
Жаттык жакын иргелеш,
Жаныбыз болду биргелеш.
Билбесең сага нени айтам"
Билеги жоон баатырым,
Азган, тозгон байкушка
Артыгыраак жакыным!
Орток аштык айдаган
Дыйканчынын көзүмүн,
Абышка болуп кубулган
Мен баба дыйкан өзүмүн.
Арыстан Манас, кулак сал,
Сага айта турган сөзүм бар.
"Кызылдаган буудайдан
Кыл бербей жеке алыңыз,
Байкап айткан сөзүмө,
Баатырым, кулак салыңыз.
Көөнө Турпан бетинде
Каргыш кеткен Барбардын
Күн батыш жаккы четинде,
Лоп дайранын боюнда,
Көз жетпеген суусуз чөл,
Салынган төмөн оюнда,
Кукулдаган кузгун жок,
Сайылган чөлдүн учунда
Аңгеме бар ушунда;
Кайыбынан кабылган
Нойгуттун каны Карача,
Так ошого табылган
Кайьштан келген куу байтал.
Иши гүлдөп жөнөптүр,
Сан жылкынын ичинде
Таңга жуук төрөптүр,
Чаранасы кете элек,
Тууганда жерге жатпаптыр,
Энесинин үстүнөн,
Карап турса Карача,
Он эки жолу аттаптыр.
* * *
Арка-мойнун караптыр,
Атка сынчы көзү ачык
Билгичтин баары сынаптыр:
"Бул жаныбар Кулатай
Тулпардыгы бирдалай,
Жал,куйругу чоң экен,
Тегерек туяк жылкыда
Кыйыны мындай жок экен,
Алты ай минип жол жүрсө,
Арыбас сыны бар экен,
Алтымыш асый болгончо,
Карыбас сыны бар экен.
Чү десе жанга жеткирбес
Кыйындык сыны бар экен.
Көөдөнү жоон,ийни ичке
Кыйындык сыны бар экен.
Кубанчыңды болтурат,
Куланы жакшы баксаңыз,
Ойдогуңду болтурат,
Акыр бир күн Карача
Бул Кула курсагыңды толтурат.
"Айгай укса шашпаган,
Ай караңгы түн болсо,