Манас баатырдын Кошой доого келиши
"Дегениме көнгүн, - деп,
Кыймылдаган малыңдан
Бажыны* бачым бергин, - деп,
Санабай айдап мал бер, - деп,
Алтын, дилде артууга
Кызыл куйрук нар бер!" - деп,
Кыстап, түшүп турушту.
Токтобой Кошой абакең
Элчиси менен урушту.
"Желеден айгыр минишип,
Жерден бакан алышып,
Жан аябай салышып,
Жаман уруш болгонбуз.
Ат салышкан жеке жок,
Айрылбаган чеке жок,
Карсылдашып турганбыз.
Айбалта менен чабышып,
Найза менен сайышып,
Түз жер айкын талаада
Түгөнүшүп калышып,
Дегенине көнбөдүм,
Ал алымын бербедим.
Белгилүүсүн жайладым,
Бет келгенин талкалап,
Маргалаң көздөй айдадым.
Аябай союл салгамын,
Бул Алооке кан менен
Булкулдашып калгамын.
Кызыкчуу болсо бул калмак,
Дале кылгылыкты кыламын.
Кошой абаң бой бербей,
Кара жан аман барында,
Койгулашып тургамын.
"Жылгындуу Кең-Көл, Талас бар,
Мекен кылып конуп бер.
Шер болуп Манас туулдуң,
Бизге караан болуп бер.
Бабаңдан калган жериң тап,
Чоң атаң өткөн Орозду,
Ошондо калган элин тап!
Калкыңа ээлик кылбастан
Калмакта жүрөр жөн барбы?
Каран күн, Манас, эл кайда?
Калкыңы билер ким калды?
Медер туткан белимсиң,
Бейпайга калган бул элди
Ажыратар шеримсиң.
Бүгүн Манас, кулунум,
Көп сүйүнүп турамын
Кеткеним келип конду деп,
Картайган кезде чырагым,
Кемиген жерим толду деп!
"Кече Орозду атаң өлгөндө,
Каптаган калмак келгенде,
Ороздунун он уулун
Бытыратып бөлгөндө,
Бирөөнү айдап жиберди
Желпиништин оюна,
Бирөөнү айдап жөнөттү
Жет-Кайт жердин боюна.
Кабар да жок, сөз да жок,
Кабарсыз болуп өттү деп,
Ушул кезде түңүлөм
Кайра келбес бир жайга,
Кайран балдар кетти деп.
Атбороюн* сыдырдым,
Туугандан кабар тапсам деп,
Турбай жерди кыдырдым.
Тууган таппай безиктим,
Туура пейлим ак экен,
Туйгунум, сага кезиктим.
Колума менин сен тийсең,
Кызыкты канча салармын.
Мейли, кызыл бороон жоо келсин,
Кулунум, кыйкырып чыгып
турармын.
Токсонго жашым барса да,
Түз кирип, найза сунармын.
Түгөнүшөр жоо чыкса,
Туу түбүндө былк этпей,
О, балам, тууңду кармап
турармын.
Арыстаным тийсең колума,
Ырдап берер ырым бар,
Айта турган сырым бар.
"Көөнө Турпан* бетинде,