Манас баатырдын Кошой доого келиши
Ат семиртип, ык болуп,
Эр ээлигип, бук болуп,
Өлүмдөн коркпой турганбыз,
Үйүрмөнүн сазына
Үч күн жайын кылганбыз.
"Ыраң-Сазга сойлошуп,
Ырас акыл ойлошуп,
Алтайга жетип, кармашып,
Ажал жетсе өлсөк, деп,
Же азганакай кыргызды
Ажыратып келсек, деп,
Атка чабар ыктуудан,
Акылга дыйкан мыктуудан,
Кыргыздан тандап алгамын.
Кылымга моюн бербеген
Жоон көкүрөк балбандан,
Кара мылтык карс этсе,
Качпай турган эренден,
Чогоол мылтык тарс этсе,
Чоочубаган беренден,
Кылычка кыйын ыктуудан,
Кылчайбай жоого тийүүчү
Кызыл моюн мыктуудан,
Түгөл жыйып алгамын.
Туйгун Манас, сен үчүн,
Ушунчаны камдадым.
"Аз айтканым билип ал,
Арыстаным Манас, тилимди ал.
Козголуп манжуу, калмагың
Колун жыйнап калбасын,
Кордукту бизге салбасын.
Билгенин кытай кылбасын,
Тукумуң койбой кырбасын.
Туш-тушту каптап ашпасын,
Тутанып өлгөн манжуулар
Дүмүрдүн баарын казбасын.
Балам, кайра тартып сен кеткин,
Ашып-шашып Алтайга
Азырынча сен жеткин!
Уккан менен билгенге
Отор-отор оюнчук*,
Андагы кыргыз элиңди
Ойнотуп көчүп, бери чык!
Кара калмак, манжууну
Четтеп көчүп алганда,
Оркондун тоосун таянып,
Оркоюп чыга калганда,
Кечикпей жолуң чалармын
Кары абаң Кошой өлбөсөм,
Кара жер боорун көрбөсөм,
Алты айдан кийин барармын.
"Текес жакка барбай өт,
Каркырада калбай өт.
Билбей калсын душманың,
Ичинде кеги бушманы.
Бул Текестин калмагы
Казган калың ору бар,
Канга тойбос жолу бар,
Билбегендин шору бар.
Арбын болот аяры,
Кыйын болот кыяры.
Алыша кетер чак болор,
Балам, армандуу элди жыялы.
Балам, атадан калган жер
да бар,
Ачылып жаткан көр да бар,
Куру өкүмдүк, не пайда,
Өз күчүңдү мелжеп ал.
Анан, балбан болсоң чаларсың,
Анык күчүң толгондо,
Айтканыңды кыларсың;
Өрдүк кылсаң өлчөбөй,
Өз башыңды кыярсың.
Жулунуп кетсе курган баш,
Чырагым, журтуңду шордуу
кыларсың!
"Чөп көгөрүп, жер жайнап,
Бетеге, ыраң толгондо,
Эл өөдөлөп ошондо
Жайлоого жаңы конгондо,
Ат кара тил болгондо*,
Жети асаба туу алып,
Жер майышкан кол алып,
Астыңдан тосо барармын.
Чырагым, сенин өзүңө