Жаш Манастын Чон Доодурду, Доо Жолойду, Каман алпты женгени
Эсен кандын алдында
Кайнатылуу шору бар;
Каарына алган адамга
Казып койгон ору бар.
Кыяматтын баары бар;
Кырк желдети дагы бар.
Кылыч тумшук пили бар;
Каарын салып чамынган
Желмогузун билип ал.
Адамдын мурдун, кулагын
Тумар кылып тагынган
Калмактардын Тагылык
Кыйкырып кирип барганы,
Таазим кылып жүгүнүп,
Кайран жандан түңүлүп,
Каары күчтүү Манастын
Кабарын айта салганы:
"Каным, айдардын баарын жүн
кылды,
Адамдын баарын нан кылды,
Улук экен, шер экен,
Уйпаланган буруттун
Уулу Манас эр экен.
Манастын түрүн карасаң,
Кынсыз кылыч байланган,
Кайра жаачу булуттай,
Каар жүзүнө айланган.
Мунун жүргөнүнөн чаң чыгат,
Добушунан жан чыгат.
Бекер туулган жан эмес,
Бекер турчу бала эмес.
Кыргыздын тийген жылкысын
Баатырдын баарын сомдоду,
Балбандарың сойлоду,
Манас бирин да тирүү
койбоду!".
Манастын дайнын укканда,
Даана сүйлөп Тагылык,
Камалашып турушту
Кайнап жаткан көп улук.
Маңкүштө алп, Дөөдүр алп,
Кайчы кулак Каман алп,-
Карасаң канча жандар бар,
Эсен кандын алдында
Эл бийлеген кандар бар.
Айкырса элден жан чыкты,
"А" дей албай тумчукту.
Ачуусу келип күүлөнүп,
Улук экен Эсен кан,
Омуроолоп сүйлөнүп:
"Ордо күткөн кандарым,
Алты айчылык азапты
Азыр билчү жандарым!
Канкорду таап кел десе,
Кара күчкө "таптым"- деп,
Каканчынын канына,
Калп айтканың кандай кеп?
Артык жалган кебиңди
Ашырганың кантейин;
Жок немени "Манас" деп,
Сенин жашырганын кантейин!
Жалынсаң укпайм. сөзүңдү,
Карап турган балбандар
Жалпы чукуйм көзүңдү!".
Кан Эсен кап чамынып,
Калайманды баштады.
Аярлардын так кыркын
Такыр кырып таштады.
Дагы Эсен кан кеп айтат,
Ачууланып бек айтат:
"Кылычы кыйла миздүү, кел,
Айбалта чапчуу ыктууң кел,
Кыйшаңдабай бурутка
Кыргынды кызык салчууң
кел.
Кызыталак буруттун
Күчтүүсүн байлап алчууң кел.
Манаска эми барып кел,
Он экиде баланы
Тирүү байлап алып кел,
Кытайлардын кан Жолой,
Сенин балбандыгың башкача,
Баатырлыгың бир канча.
Жортуулга кетсең коңур күз,
Кагышкан дөөңдү кылдың түз.
Кече Чон-Кап тоонун
бетинде,
Суук-Төрдүн бетинде