МАНАСТЫН КЫРК ЧОРО МЕНЕН УУГА ЧЫККАНЫ
Арстан Манас баатыры,
Бейшемби күнү таң менен
Аккелте атты акыры.
Аккелте үнү чаңырды,
Айылы жакын баатырды
Келиңер деп кыйкырып,
Арстан эрдин бу күндө
Ач кыйкырык жаңырды.
Кырк баатырдын баарысын
Азыр кел деп чакырды,
Алыстагы чорого
Алты муршап чаптырды.
Келди баары кырк баатыр,
Ата уулунун баарысы
Ар тараптан келатыр.
Кырк чоронун баарысы,
Кыргыл, Бакай, карысы,
Кыйындары барышты,
Кызмат барбы бизге деп
Кыраандан сурап калышты.
Анда Манас кеп айтат,
Азаматтар, деп айтатБекерге беш ай жаттыңар,
Беш чака кайдан таптыңар?
Тамактан бөлөк олжоң жок,
Талабың тыштан болгон жок.
Эки жакка жылбадык,
Эркектин ишин кылбадык,
Айың менен ушакты —
Айтылганды тыңдадык,
Алты жылдан бер жакка,
Айылдан карыш жылбадык.
Мылтыктын ичи дат болду,
Кулан болуп кутуруп
Кур семирген ат болду,
Талаанын тамашасынан
Сайкашкалар жат болду.
Көтөргөнүң туу болсун,
Көк жаңырган чуу болсун,
Көй кашкалар аттанып
Көп бир жакшы уу болсун,
Көрүүгө сонун бу болсун,
Кийик издеп, аң уулап,
Киши жүрбөс улуу тоо,
Тоону басып кадуулап,
Адырдан аркар аталык,
Аңгемеге баталык,
Аркардын этин таталык,
Арзыган жерге жаталык.
Курбу жерде кулжа бар,
Кудай берсе олжо бар,
Курбудан кулжа аталык,
Кубанчка минтип баталык.

