МАНАСТЫН КЫРК ЧОРО МЕНЕН УУГА ЧЫККАНЫ
Өлкөсүн көр, сазын көр,
Өрдөгүн көр, казын көр!
Ат жортпогон тулаңы,
Ар тараптан сандаалап
Агып түшкөн булагы!
Жетиген жагын караса
Жери чыбыр, майда адыр,
Көтөлөк деген жер экен,
Көрдү муну көй баатыр.
Калмактын койгон аты деп,
Катуу күлүп, эр Манас:
Калмактын атын жоёлу,
Башка бир ат коёлу.
Ортодо өзөн, кенен сай,
Орчун жакшы жер экен
Ою-тоосу малга жай.
Абасы Бакай кеп айтып:
Талас болсун деп айтып,
Бул Таластын ээси
Манас болсун деп айтып.
Баары сүйлөп салыптыр,
Абамдын сөзү макул деп
Калайык кабыл алыптыр,
Каткырыгы баш жарып
Катуу күлүп калыптыр.
Баатыр Кошой абаңа
Туу байлатып алган жер,
Боз байталды сойгон жер,
Боорсокко тойгон жер
Манастын жаткан жери шо,
Бото-Мойнок жайык дээр.
Алиги Бото-Мойнокко
Алты күн орун алыптыр,
Эртең кетээр эр Манас
Эригип чыгып бастырып,
Кайтсамбы деп ойлоп үй жакка,
Эриккенден эр Манас
Көзүн салып карады
Көк жайык өзөн Чүй жакка:
Көз учунда мунарык,
Көз жетпеген тунарык!
Таз кара учса шашкандай,
Таңдайы күйүп качкандай,
Таз адам барса жазганбай
Маңдайы күйүп качкандай.
Куркулдай барса шашкандай,
Куйругу күйүп качкандай,
Куландар барса азгандай,
Туягы күйүп качкандай!
Томуктай болгон тоосу жок,
Кашыктай болгон кары жок,
Кара-бута шаары жок.
Абаңды талаа сары өзөн,
Оюна көзүн салыптыр,
Жейрени койдой жайнаган
Жерине айран калыптыр.
Аны таштап салыңыз,
Арстан Алмаң баатырдын
Кабарын угуп алыңыз.

