МАНАСТЫН КЫРК ЧОРО МЕНЕН УУГА ЧЫККАНЫ
Аңгеме болор мунуңар,
Алтымыш айры бугу бар,
Бугудан атып буктайлык,
Талаага көнгөн курган баш
Бут-колду чечпей уктайлык.
Аркардан атып буктайлык,
Аттанып көнгөн курган баш
Аяк чечпей уктайлык.
Жан казан ашын сагындык,
Жай билбеген катынга
Жакшы эле жатып багындык.
Анжыян, Алай арасын,
Басып тоонун дарасын,*
Не түрлүү токой чери бар,
Жан жүрбөгөн жери бар,
Аюу, жолборс, кабылан —
Албан түрлүү шери бар,
Мээнет кылган азамат
Беттен агар тери бар.
Маңдайыңдан өткөрүп
Абада күндүн ысыгын,
Аттанып чыгып көрөлүк,
Аң-кийиктин кызыгын.
Калкына Манас кеп кылды,
Карысы Бакай, Кыргыл чал
Уу кылганын эп кылды.
Урунарга тоо да жок,
Ушу күндө эриккен,
Урушууга жоо да жок.
Жоо ордуна аң издеп,
Түн ордуна таң издеп,
Бармак болду баатыры,
Кырк баатырдын баарысы
Даяр турган акыры.
Минер аты шайлоолуу,
Уруш чыкса кокус деп
Бирден тулпар байлоолуу.
Жем баштыгы манаттан,
Жем үзгөрбөйт бар аттан,
Куйрук берип—май берип,
Кындырдай кылып жараткан.
Үртүгүн торко жаптырган,
Аттарынын мойнуна
Алтындан тумар тактырган.
Кандагайга каптаган,
Кара боюн чаптаган.
Тула бою күймөлүү,
Туягынан башкасы
Баары күмүш түймөлүү.
Кездеп атса ок өтпөйт,
Кечип чапса чок өтпөйт.
Соот менен кыягы,
Аң уулап ууда жүрсө да
Жортуулчудай сыягы.

