КИРИШ СӨЗ ОРДУНА
«Манас» — Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жазылган эпостун 2-китеби. Китапта Манас баатырдын уйгур хандары менен болгон согушу, Кошойдунун тагдыры жана элдин биримдиги үчүн күрөш чагылдырылган.
«Манас» — кыргыздын баатырдык эпосу: Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча. — Фрунзе: «Кыргызстан», 1979. — 2 китеп. — 452 б.
КИРИШ СӨЗ ОРДУНА
Бул китепти шарттуу түрдө Сагымбай Орозбак уулунун вариантынын экинчи тому дешке болот. Томго биринчи китепте сөз болгон окуялардан улай келген эпизоддор киргизилди. Бирок китепти түзүүдө — окуяларды жайгаштырууда белгилүү даражада мурдагыдан айырмаланган ыкты пайдаланууга аргасыз болдук.
Китептерди басмага даярдоонун негизги принциптеринде эч кандай өзгөчөлүк жок. Манасчынын варианты ал өзү кандай айтса ошол үлгүдө берилди. Текстке кийлигишүүгө жол берилген жок, оригиналдагы ыр саптары өзгөртүүсүз сакталды, б. а. фольклорду жарыялоонун кеңири белгилүү болгон илимий принциптери так сакталды. Ошондой болсо да бул китепте биринчи китептегидей варианттагы эпизоддорду манасчы тарабынан кандай айтылса ошол үлгүсүндө толук бойдон бүт берүү мүмкүн болгон жок, айрым майда окуялар кыскартылып, кээ бир чоң-чоң эпизоддор кыскарган кара сөз түрүндө берилди. Мунун себеби чыгарманын көлөмүнө байланышкан. «Манас» жомогунун теңдешсиз көлөмү жалпыга маалым. Анын колдо болгон варианттарынын ичинен Сагымбай Орозбак уулунан жазылган үлгү жомоктун кеңири белгилүү болгон бардык эпизоддорун ичине камтып, окуяларды ирети менен башынан аягына чейин түгөл баяндаган толук варианттардын катарына кирет. Басмага даярдалып жаткан үч томдукка мына ошол жүз сексен миңден ашуун сап ырдан турган варианттын бардык эпизоддорун толук бастырууга мүмкүн болбоду. Жомоктун окуяларынын сюжеттик сызыгын бузбай берүү максатында кыскарып калган эпизоддордун кара сөз түрүндөгү кыскача мазмунун берүүнү туура деп таптык. Бул сыяктуу «кийлигишүү» «Манастагы» мурдатадан элге тааныш тканды белгилүү даражада«бузуу» экендиги өзүнөн өзү түшүнүктүү. Ошон үчүн окуяны кыскартып кара сөз менен баяндоодо жомоктун өзү так ушундай деген түшүнүктү берүү далалаты жок, тескерисинче, андай учурлар жомоктун өз текстинен атайын белги — чарчы кашаа менен бөлүнүп коюлду жана стиль, баяндоо манерасы жактан да негизги тексттен атайын айырмаланып тургандай кылып түзүлдү.
Анын үстүнө ал тексттерде жеке эле жомоктун кыскарган окуясы гана баяндалбастан, түзүүчүлөрдүн өз сөздөрү, түшүндүрмөлөрү да бар. Мындагы максат жомокчунун эпосту айтуу салтында бул эпизод кара сөз эмес, башка тексттер сыяктуу эле ыр түрүндө болгондугун атайын белгилөө, элдин муну туура түшүнүүсүн камсыз кылуу. «Манасты» изилдеген окумуштуулар анын эбегейсиз зор көлөмүнө карабастан жалаң ырдан түзүлгөн чыгарма экендигине чоң маани берип, баса көрсөтүшөт. Айрымдары бул көрүнүштү жомоктун өзгөчөлүктөрүнүн катарына да кошушат. Жалаң ырдан тургандыгы «Манастын» ийгилигиби же кемчилигиби? Бул тактоону, пикир алышууну талап кыла турган өзүнчө маселе. Бирок «Манас» жомогунун окуялары негизинен ыр түрүндө гана баяндалышы талашсыз чындык.
Ошондой болсо да атайын көңүл буруп, эске алып коё турган фактылар бар: «Манас» жомогунун бизге белгилүү болгон көлөмүн көз алдыга тута ой жүгүртсөк анын окуяларын баштан аяк айтууну максат кылган ар бир манасчы бул ишти бир эле отурушта, эч тынбай жүзөгө ашырбагандыгы өзүнөн өзү түшүнүктүү. Ар бир манасчыга, айрыкча жомоктун окуяларын баштан аяк толук айткан чоң-чоң жомокчуларга аны бүт айтуу үчүн айлаган убактар керек болгондугу талашсыз.
Аткаруунун ушундай узак мөөнөтүндө жомокчунун аудиториясынын дайым бир калыпта болбогону да күмөнсүз. Ошондуктан жомокчу бир чоң окуядан экинчисине өтүүдө мурдагы окуялар жөнүндө угуучуларга кыскача маалымат берип эске салып турууга да туура келген. Мындай эске салуу кээде ыр, кээде жорго сөз түрүндө Сагымбай Орозбак уулунан жазылган вариантта кеңири жолугат. Муну атайын көркөм ык деп да, же чоң көлөмдүү чыгарманы айтуудагы зарылчылыктын натыйжасы деп да түшүнүүгө мүмкүн.
Мындай кыскача баяндоону жомокчулар жаңы аудиторияда бул же тигил эпизодду баш тоодо жомок боюнча жалпы түшүнүк берүү, же айрым окуялар жөнүндө кыскача баяндоо, эпизоддордун байланышын иш жүзүнө ашыруу, сөз болгону жаткан эпизоддун жомоктогу ордун белгилөө ж. б. максаттар үчүн иштешкен. Буга ушул Сагымбай Орозбак уулунан жазылган варианттын башы жорго сөз аралашкан кара сөз түрүндө болушунун өзү да далил. Жеке эле бул эмес ар бир манасчы белгилүү бир эпизодду баштап айтарда бир-эки ооз болсо да кара сөз менен кыскача баяндама берип, мурдагы окуялар менен угуучуларды тааныштырып туруп, анан айтканы жаткан окуяны баштагандыгын манасчыларды уккан адамдар жакшы билишет. Ушул эле салтты ыраматылык Саякбай Каралаев да колдонгон. Бул фактылар «Манасты» аткарууда керегине жараша жомокчулар өзүлөрү кара сөздү пайдаланганын, жомоктун окуяларын бири-бири менен байланыштуу түрдө элге тааныштырууда айрым эпизоддорду кара сөз менен кыскача мүнөздөп берүү ыгы мурдатадан бери манасчылар өзүлөрү колдонуп келе жаткан салттык көрүнүш экендигин ангинелейт. Буларды айтуудагы негизги максат жарыяланып жаткан материалдарда айрым эпизоддордун кара сөз менен баяндалышын актоо эмес, тек гана жомоктун аткарылышындагы айрым ыктар менен кеңири массаны кабардар кылып коюу. Кайсыл окуяны ыр менен, кайсынысын кыскача кара сөз менен берүү көп талаш-тартыштарды туудуруучу татаал маселе экендиги шексиз.
Бул маселени чечүүдө ар бир чоң эпизоддун жомоктун идеялык мазмунунун терең ачылышындагы аткарган милдети, бул же тигил эпизоддун эл арасына канчалык кеңири тарап, белгилүү болушу жана башка ушул сыяктуу талаптар эске алынды.

