КИРИШ СӨЗ ОРДУНА
Жомоктун сюжетинен орун алган ар бир чоң жана кичине окуянын — эпизоддун чыгармада өзүнө ылайык орду, аткарган милдети бар экендиги талашсыз. Ошондой болсо да бир эпизодду жомокчу зор эргүү менен, кеңири планда айтса, экинчисин анчалык деңгээлге жеткирбейт. Анын үстүнө эл угууну көп каалаган, ошон үчүн дайым аткарылуунун натыйжасында терең иштелип чыккан эпизоддор менен катар эле жомоктун жалпы сюжеттик сызыгын үзбөй сактоо үчүн айтылган, же мурдатадан келе жаткан салтка ылайык гана эскерилген эпизоддор да бар экендиги чындык. Мына ушулар эске алына келип Сагымбай Орозбак уулунун вариантындагы көп аткарылып, алда канча кеңири иштелип чыгылган эпизоддор кандай айтылган болсо ошол түрүндө ыр менен берилди да, калганы, же чечүүчү мааниге ээ эмес эпизоддордун сюжети гана кара сөз түрүндө эскерилди. Кыргыздын кеңири белгилүү болгон жомокчуларынын биринин варианты менен элди толук тааныштыруу үчүн мындай чөп башылап, бир окуясын толук, бирин жарым-жартылай, кээсин эки ооз кара сөз менен жарыялоо жетишсиз экендиги талашсыз. Бирок азырынча ушунун өзү да биз үчүн чоң ийгилик.«Манастын»бардык варианттарынын толук тексти менен элди тааныштыруу келечектин иши. Жомокту окууну жеңилдетүү максатында айрым жерлерде оригиналда болбосо да тема берилди. Мындай темалар варианттын жарыяланган биринчи китебиндеги сыяктуу эле өз-өз ордуна атайын белги коюлуп, эскертилди.
Бул китепке варианттагы окуялардын биринчи китептеги токтогон жеринен улай киргизилип, эпостогу кеңири белгилүү эпизоддордун биринен болгон«Көкөтөйдүн ашына» чейинки окуялар бүт топтолду. Мындагы материалдар негизинен төрт чоң бөлүмдөн турат: Манас баш болгон кыргыздардын туулуп өскөн жерин кытай баскынчыларынан куткарып алганы*1 кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүп келиши; Алмамбеттин окуясы; Манастын Каныкейге үйлөнүшү. Китепте булардан башка да бир канча орчундуу окуялар бар. Бирок алар кыскартылып кара сөз түрүндө алынды. Китепте киргизилген материалдар дээрлик манасчынын өз оозунан Ыбырайым Абдырахманов тарабынан кагаз бетине түшүрүлгөн. Бирок, азыр Кыргыз илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусунда сакталган ошол материалдардын айрымдары Абдырахманов 1920-жылдарда жазган оригиналдын өзү болсо, айрымдары түп нусканын көчүрмөсү. Буга караганда кандайдыр себептер менен (алардын айрымдары изилдөөчүлөргө белгилүү болсо, көбү белгисиз) түп нуска жоголуп, анын көчүрмөсү гана калган.
Китепке киргизилген тексттерди басмага даярдоодо негизги таяныч ошол колдо болгон түп нускалар жана түп нуска катары эсептелип жүргөн көчүрмө кол жазмалар болду. Түп нуска катары эсептелген кол жазмалардын манасчынын өз оозунан жазылган тексттерге канчалык түрдө туура келерин кесе айтуу кыйын. Бирок, манасчыны жакшы билген, ал айткан вариантты өз колу менен жазган Ыбырайым Абдырахмановдун ошол көчүрмөлөрдү Сагымбайдын өз «Манасы» катары күмөнсүз кабыл алгандыгына караганда ал көчүрмөлөрдүн түп нускадан айырмаланбагандыгына, айырма болгон күндө да айрым деталдар жактан болбосо, варианттын негизи өзгөрүүсүз сакталгандыгына ишенүүгө болот. Анын үстүнө мындай корутундуга келүүгө экинчи бир далил да бар. Бүгүн биздин колдо варианттын кээ бир эпизоддорунун Ыбырайым Сагымбайдын өз оозунан жазган түп нускасы да жана ошол түп нусканын көчүрмөлөрү да бар. Ал көчүрмөлөр айрым сөздөрдү эсепке албаганда түп нускага негизинен толук туура келет. Бүгүн биздин колдо бар түп нускаларды да, түп нускалары жок көчүрмөлөрдү да бир адам көчүргөн. Салыштырып, тактыгын текшерүүгө мүмкүн болгон көчүрмөлөрдүн сапаты канааттандырарлык. Ошон үчүн салыштырууга мүмкүн болбогон көчүрмөлөрдүн сапаты да талапка жооп берерлик болуш керек дешке негиз бар.
Биринчи китептеги сыяктуу эле бул китепте да тексттердин аягында айрым сөздөргө түшүндүрмөлөр берилди.
Редколлегия.
---------------------------------
1* Эпосто кыргыздын эпикалык душманы катары калмактар, кытайлар аталат. Булар бир туюнтмадагы синоним түшүнүктөр. Мунун өзүнчө мааниси бар. Анткени, эпостогу эскертилген кытайлар — монгол-калмак урууларынан турган кара кытайлар — кидандар.

