Биз ал турмак, кээде бул каармандар эпостук көркөм образдар экенин унутуп коюп, чынында да бир доордо, бир кылымдарда реалдуу жашаган тарыхый адамдардай сезип кетебиз. Көркөм чыгарманын багынтар күчү, өлбөстүк касиети дал ушунда эмеспи. Көркөмдүктүн бийик чен-өлчөмү менен караганда эле Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Бакай, Коңурбай сыяктуу монументалдуу планда тартылган образдарды айтпай эле коёлу, эпизоддук каармандардын катарына кошулган (азыркы адабий түшүнүктү дагы бир жолу колдонуп айтсак) Тазбаймат, Кыргыл чал сыяктуу персонаждардын так элестүү типологиясы жагынан эң мүнөздүү образын түзүү өтө өнүккөн, бышып жетилген көркөм ойлоо аң-сезимине негизделери талашсыз. Кыргыз элинин мына ушундай көркөм ойлоо аң-сезими баарынан мурда, баарынан күчтүү эпикалык жанрда, эпикалык традицияда көрүндү. Кыргыз элинин эпикалык көркөм ойлоо аң-сезимин философиялык, эстетикалык, психологиялык, филологиялыкфольклордук жагынан терең жана комплекстүү изилдөө окумуштуулардын кезектеги милдети деп түшүнөм.

Анткени, оозеки чыгармачылыктагы көркөм ойлоо аң-сезиминин жалпы көркөмдүк принциптери, маселен синкретизм, индивидуалдуу автордун белгисиздиги, же жоктугу, оозеки формада өнүгүү ж. б. «Манас» эпосуна мүнөздүү болсо дагы, менин терең ишенимимде эпос катарында бул көркөм чыгарма дүйнөлүк эпикалык практикада өтө уникалдуу көрүнүштүн катарына жатат. Бул бөтөнчөлүк баарынан мурда эпостун структуралык негизинде жаткан көркөм ойлоо аң-сезимине байланыштуу. Дал ушул кылымдардан бери өнүгүп-өөрчүп келаткан көркөм ойлоо аң-сезиминин бай жана күчтүү традициясынын негизинде гана Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев сыяктуу индивидуалдуу көркөм сүрөткерлер (негизинен «Манас» эпосун кесип кылгандар) өсүп чыгышкан.

Тилекке каршы ушундай улуу манасчылардын далайынын аты унутулуп, тарыхтын терең, калың катмарларында калды, айрымдар легенда түрүндө бизге жетти, кээ бирөөлөрү жөнүндө үстүртөн гана дарегибиз бар. Бирок, оозунан а дегенде эле ыр төгүлгөн, улуу эпостун уйкаштары чубурган не бир залкар манасчылардын болгону, манасчылардын өзүнчө бир «мектеби», уламалуу салты болгону күнөмсүз иш. Мына ошол улуу салтты улагандардын бири, азыр биз вариантын өзүнчө китеп түрүндө жарыялап отурган Сагымбай Орозбаков.

Өзүн көрбөсөк да, манасчы Сагымбай Орозбаковдун ашкере даңкы ушул күнгө чейин калың журттун арасында ооздон түшпөй айтылып келе жатат. Бул кокусунан келип чыккан иш эмес. Үстүбүздөгү кылымдын башында жашап өткөн Сагымбай Орозбаков маалыматтарга караганда, манасчылардын тизмесинде башкача бир орун ээлеп, өзүнчө бийиктелген аскар-тоо.

Албетте, муну калктын аңызы, сүймөнчүлүгү десе болоор. Ал эми Сагымбай Орозбаковдун өз оозунан 20-жылдарда изилдөөчүлөр жазып алган «Манас» дастанын окуп көрсөк, жогорудагы айтылган Сагымбайдын даңкы эң орундуу экени апачык боло түшөт.

«Манасты» көп эле жомокчулар айтып келген. Алардын устаттыгына эч кандай күмөн койбой Сагымбай Орозбаковдун өнөрүн айырмаланта бөлүп кароого толук эби бар. Сагымбайдан жазылып калган тексттерди кунт коюп окуп чыккан ар бир адам Сагымбайдын сөз байлыгына, акындык чеберчилигине, ташкындаган сүрөткер кудуретине баш ийбей койбойт. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. Балким, эч убакытта кайталанбас руханий көрүнүштүр.

«Манас» — «Манас» болгондон берки эпостун тамчыга тамчы кошулуп, сөзгө сөз, ойго ой кыналып, байыркы кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагымбай бир өзү дилине сыйгызып тургандай сезилет.

Мына, эми Сагымбайдын айткандары китеп катары окурмандарга тартууланууда. Улуттук маданияттын алды-артын түшүнгөн ар бир адам буга кубанбай коё албайт. Улуу нерсени окуп моокуну кандырууга улуу маданият керек экени белгилүү. Жетимишинчи жылдардагы кыргыз окурмандарынын даярдыгы бир кыйла өсүп, дүйнөлүк маданияттын даражасына жетилип отурат. Демек, өткөн замандардагы көркөм мурастарга тийиштүү сын көз менен мамиле этип, ошол кездеги идеяларды азыркы күндөгү идеялардын бийиктигинен ылгап кабылдоосу закон ченемдүү иш. Мисалы дейли, жер жүзүндө китеп аттуунун төл башы байыркы «Библияда» биздин коомдук көз карашыбызга шайкеш келбеген жерлери толуп жатат. Ошого карабай, бүткүл байыркы инсанатка тиешеси бар «Библияны» адабий эстелик катарында биз танбайбыз.

Биз аны кайсы доордо, кандай тарыхый баскычта, коомдун кандай социалдык абалында, инсанаттын өнүгүш жолунда бул китеп кандайча түзүлүп, ошол заманда кандай идеяларды көздөгөнүн эске алып оң, терс жактарын сын көз менен аныктап, аны менен катар бүткүл инсанат маданиятынын байыркы эстелиги катарында биз аны баалайбыз.

Ошонун сыңарындай байыркы кыргыздын оозеки «библиясы» — «Манас» татаал жана улуу нерсе. Азыркы күндөгү билимге жетилген окурмандар «Манаска» чыгармачылык мүнөздө мамиле этиши зарыл белгилүү. Муну анча айтып отуруштун да кажаты жок. Ар бир нерсе өзүнүн тарыхый тушунда каралса, анда вульгардык социологияга жол берилбейт.

Замандан заман өтүп, жер үстүндө кыргыз тили жашап тургуча «Манас» биздин улуттук туу чокубуз катарында тура бермек.

Академик ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ 16/III 1977-ж.